Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Важпайи жана Мушарраф Индия менен Пакистанды элдештире алабы?


Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпайи менен Пакистандын президенти Первез Мушаррафтын кездешүүсүн Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан жактап, оң баасын берди.
Важпайи менен Мушарраф кечээ күнү Түштүк Азия өлкөлөрүнүн Исламабадда өтүп жаткан саммити учурунда жолугушкан.
Улуттар Уюмунун өкүлү Фред Экхарддын билдиргенине караганда, Аннан лидерлердин кездешүүсүнө “эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга багытталган маанилүү кадам жасалды” деп баа берген.

Жолугушуу, байкоочулардын айтышынча, Индия-Пакистан ортосундагы 56 жылдан берки араздашууга чекит койот деген үмүттү жаратты.

Ырасмий маалыматтарга караганда, кездешүүдө Важпайи жана Мушарраф эки өлкөнүн мамилесин нормалдаштыруу жараяны улантылат деген ишеничин айтышкан. Жолугушууда кандай сөз болгону тууралуу башка эч кандай билдирүү жасалбады.

XS
SM
MD
LG