Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Башар ал-Асаддын Түркиядагы визити


Сириянын президенти Башар ал-Асад бүгүн Түркияда үч күндүк иш сапарын баштайт. Сириянын лидеринин акыркы чейрек кылымдан узак убакыттан берки Түркияга жасаган биринчи визити Дамаск менен Анкара ортосундагы мамилени жакшыртууну көздөйт.
Түркия - НАТОнун мүчөсү. Расмий Анкара Сириянын жоосу болгон Израилдин ынтымакташы катары да маалым.

Асад Анкарада президент Ахмед Неждет Сезер жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен кездешип, эки жактуу быйланышты жана коопсуздук боюнча кызматташууну бекемдөө маселесин сүйлөшөт деп күтүлүүдө.
Визит учурунда эки өлкө арасында соода жана инвестиция боюнча келишимдерге да кол коюлат.

Былтыр ноябрь айында Ыстамбулда болгон террордук жардыруулардан соң Сирия террорчу деп шектелген 20 чакты адамды Түркияга кармап бергенден кийин, Дамаск менен Анкаранын коопсуздук жаатындагы кызматташуусу бир кыйла жакшырып калган.

Асад, визит алдында түрк тилиндеги Си-Эн-Эн телеканалына берген интервьюда, Сирия күрт мамлекетин түзүүгө же Ирактын бүтүндүгүнө коркунуч туудурган ар кандай кадамга каршы экенин билдирди.
Түркия да Ирактын түндүгүндө күрт мамлекетин түзүү планына каршы.

XS
SM
MD
LG