Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Михаил Саакашвили – Грузиядагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү


Грузиянын Борборшайлоокомунун маалымдашынча, бюллетендердин төрттөн бири эсептелгенден кийин шайлоочулардын 97 процентке жакыны Михаил Саакашвилиге добуш бергени ачык болду. Ырасмий маалыматка караганда, добуштар толук эсептелгенден кийин, бул жыйынтык көп деле өзгөрбөйт.

36 жаштагы М. Саакашвили ноябрь айында президент Э. Шеварднадзени бийликтен кетирген “роза төңкөрүшүн” жетектеген жана бийликти коррупциядан тазалоону өзүнүн башкы вазийпасы деп жарыялаган.

АКШнын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Адам Эрели Грузияда 4-январда болгон шайлоо жөнүндө мындай деп билдирди:

- Бул шайлоо буга чейинки шайлоолорго салыштырганда бир кыйла жакшы өттү жана өлкөнү эл аралык стандарттардын деңгээлине жакын алып келди.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму да Грузиядагы соңку президенттик шайлоо мурдакы шайлоолорго караганда демократиялуу мүнөздө өткөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG