Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

ИРАКТЫН КҮРД МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага Иракта жашаган күрддөр акыркы мезгилде өз алдынча автономия тууралуу көп айта баштады жана 5-январда ал маселени өлкөнүн Башкаруучу кеңеши да карады. Ошол эле күнү күрддөрдүн эки белгилүү саясатчысы - Масуд Барзани жана Жалал Талабанини - Ирактын америкалык башкаручусу Пол Бремер кабыл алды, бирок Вашингтондогу америкалык жетекчилер маселени ирактыктар өздөрү чечүүгө тийиш деп айтууда.

1991-жылдагы согуштан кийин Батыш Иракка каршы бир топ чектөө киргизген жана алардын бири - өлкөнүн түндүк аймактарынын үстүнөн Ирактын өкмөттүк учактары учпашы керек болчу. Ал жерлерде илгертен күрддөр жашайт жана 1991-жылдан кийин алардын аба мейкиндигин Батыш аскерий учактары көзөмөлдөй баштаганын кээ бир байкоочулар расми болбосо да, иш жүзүндө күрддөр автономияга жетишти деп чечмелеген.

Экинчи согуштан соң Ирак америкалык оккупацияга кабылгандан кийин, күрддөр андан да көп ийгиликке жетишти. Өлкөнүн 25 адамдан турган Башкаруучу кеңешинин беш мүчөсү азыр күрд жана алардын бири, Дара Нур ад-Диндин айтымында, 5-январда Кеңеште күрддөр маселеси каралып, жаңы конституция кабыл алынганча, өлкө убактылуу мыйзамдар менен башкарылган мезгилде Иракта федералдык түзүлүш орнотулушу мүмкүн деп макулдашылды. "Нью-Йорк таймс" гезити ошол эле 5-январда жазып чыкканына караганда, андай убактылуу федерацияга АКШ жетекчилиги дагы макул болду.

Иракта бардыгы болуп 4-5 миллион күрд жашайт, өлкө калкынын көпчүлүгүн болсо шийи мусулмандары түзөт жана алар дагы президент Саддам Хусейндин учурунда катуу басмырланган. Эгер күрддөр автономияга жетишсе, андай макамды шийилер да талап кылышы мүмкүн жана натыйжада Ирак федералдык өлкөгө айланса, ал кийин ар башка мамлекеттерге чачырап кетүү коркунучу пайда болот.

Мындай жагдай кошуна мамлекеттерди тынчсыздандырбай койбойт. Дүйнөдө бардыгы болуп 15 миллионго жакын күрд бар, адардын жарымына жакыны Түркияда, 5-6 миллиону Иранда жана бир миллионго жакыны Сирияда жашайт. Аталган үч мамлекет тең ирактык күрддөрдүн автономияга ээ болушуна катуу каршы, анткени аны менен алардын өздөрүнүн күрддөрү да баш көтөрүшү ыктымал.

6-январда кызмат сапары менен Түркияга келер алдында Сириянын президенти Башар Ассад 5-январда Түркиянын "Си-Эн-Эн" сыналгысына интервью берип, мындай аракеттер менен ирактык күрддөр чектен чыгып кетти деп билдирди. Түркиянын премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын айтымында дагы Ирактагы күрддөр күчтүү көзөмөл алдында болууга тийиш жана алардын таасири өтө күчөп кетсе, алар эгемендүүлүк да талап кылышы мүмкүн. Эрдоган бул маселени АКШ президенти Жорж Буш менен талкуулоого даярданып жатат.

Америкалык жетекчиликтин айтымында, Иракты федералдык мамлекетке айлантуу маселесин ирактыктар өздөрү чечүүгө тийиш. Убактылуу америкалык башкаруучулук менен Башкаруучу кеңеш ортосунда 15-ноябрда түзүлгөн келишим боюнча, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып Ирактагы бийлик ирактыктарга өткөрүлө баштайт жана ал келишимде федералдык түзүлүш тууралуу да айтылган.

Анткен менен Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Строу 5-январда британиялык аскерлер Иракта дагы бир нече жылга калат деп билдирди. Андай болгондо, убактылуу федералдык түзүлүштүн да өмүрү узарышы мүмкүн. 4-январда Иракка экинчи жолу келип кеткен премьер-министр Тони Блэр болсо, Иракка каршы башталган согуш террорчулукка каршы жалпы күрөштүн бир бөлүгү болчу деп билдирди: "Террорчулук дүйнөгө башаламандык алып келүүдө, өзгөчө Исламдын нукура маңызын бузгандар өтө коркунучтуу, алар дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда бар".

Согуш алдында Британия менен АКШ Ирактын кеңири кыруучу куралы бар жана аны жок кылуу үчүн күч колдонуш керек деп согуш баштаган. Андай маалымат апыртма деп билдирген британиялык илимпоз Дэвид Келли өзүн өзү өлтүрүүгө аргасыз болгон жана аны менен байланышкан иликтөөнүн жыйынтыктары январ айында жарыяланууга тийиш.
XS
SM
MD
LG