Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Кошмо Штаттары Ирактын территориялык бүтүндүгүн колдойт


Ак үйдүн жана мамлекеттик департаменттин ырасмий өкүлдөрү дүйшөмбү күнү “Нью-Йорк таймс” гезитинде жарыяланган кабарды комментариялашып, ушундай деп ырасташты. Аталган кабарда Вашингтон өкүлдөрү түндүк Иракта күрт автономиясын түзүүнү караштырып жатканы айтылган эле. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели Вашингтон администрациясы Ирактын саясий биримдигин жана территориялык бүтүндүгүн дайыма колдоп келген жана колдой берет, деп билдирди. Күрттөрдүн өкүлдөрү азыр убактылуу Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү жана бирдиктүү Ирак идеясын жакташат. Келечектеги Ирак мамлекетинин түзүлүшүн, анын ичинде федерация маселесин, Эрели ырастагандай, өлкөнүн жаңы конституциясында ирактыктар өздөрү аныкташат.

XS
SM
MD
LG