Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Эмдиги айда Индия менен Пакистан саясий сүйлөшүүлөрдү баштайт


Кечээ Исламабадда регионалдык саммит маалында жолугушуп, Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаи менен Пакистандын президенти Первез Мушарраф ушундай чечимге келишти. Эки лидердин биргелешкен билдирүүсүн бүгүн Индиянын тышкы иштер министри Яшвант Синха окуп берди. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде Кашмирге байланыштуу талаштарды жөнгө салуу жолдору, келечекте тынчтык келишим түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланат. Пакистандын президенти Первез Мушарраф өзү бул макулдашууну жалпы дүйнөнүн, жер шарында тынчтыкты сүйгөн күчтөрдүн, Индия менен Пакистан элдеринин, ошондой эле Кашмирдеги тургундардын жеңиши деп баалады.

XS
SM
MD
LG