ЖАЛАЛАБАД. 1994- жана 2003-жылы облуста болгон суу ташкынынан жабыр тарткандарга жардам толук берилген жок. Былтыр катталган 76 табият кырсыгынан облустагы 118 үй-бүлѳнүн турак-жайы керектен чыккан. Ѳкмѳттѳн берилген 9,6 млн. сомго 22 үй-бүлѳгѳ ѳздѳрү тандаган турак-жайлар сатылып берилип, 29 үй-бүлѳ ипотекалык ыкма менен үй бүтүрүүгѳ үлгүрбѳй калган. Каражаттын тартыштыгынан 62 үй-бүлѳгѳ мамлекеттик колдоо кѳрсѳтүлбѳй калды. Кырсыктардан 60 млн. сом зыян тарткан облустун чамасы чак. 1998-жылдан бери жер кѳчкү, суу ташкындан жабыр тарткан облустагы 4017 үй-бүлѳнүн 1131ине ѳкмѳттөн жардам берилген эмес. Мындай маалымат 6-январда облустун өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан алынды.
Кабарларды Бүбүкан Досалиева менен Айданбек Акмат уулу даярдашты
Редактор – Кубат Оторбаев
Кабарларды Бүбүкан Досалиева менен Айданбек Акмат уулу даярдашты
Редактор – Кубат Оторбаев