Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

«Камеко» менен кыргыз өкмөтү макулдашууга жетишти


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү менен Канаданын «Камеко» корпорациясы «Сентерра алтын» аттуу компания түзүштү. Андай макулдашууга ылайык «Кумтөр алтын компаниясынын» акциялары толук бойдон «Сентерра алтын» компаниясына берилет. Ал эми «Сентерра алтын» компаниясынын 67% акциясын «Камеко», калган 33% акцияны «Кыргызалтын» кармайт. Бул маалыматты «Кыргызалтын» акционердик коомунун тышкы байланыштар боюнча бөлүмүнүн кызматкери Георгий Глухов 6-январда «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, «Сентерранын» активдери Торонто биржасынынын тизмесине жакын арада киргизилет жана ал аркылуу компаниянын баасы аныкталмакчы. «Сентерранын» курамына «Кумтөр алтын» компаниясынан сырткары «Камеконун» Монголиядагы Бороо алтын кени жана АКШнын Невада штатында алтын багытында иштеген ишканасы кирет.

XS
SM
MD
LG