Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Коңшулар суу-энергетика маселесин талкуулашты


БИШКЕК. Өткөн жекшемби күнү Казакстандын Чымкент шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын вице-премьер-министрлери жолугушуп, суу-энергетика маселесин талкуулашты. Бул тууралуу 6-декабрда вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов билдирди. Анын айтымында, жолугушууда Казакстандын Шардара суу сактагычында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурулду. Анткени, Шардаранын суусу көбөйүп кеткен. Бул үчүн Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан суу агымын 6-январдан тартып азайта баштады. Ал эми Казакстан жакынкы күндөрдө Бишкек ТЭЦине 15 миң тонна мазут жана 85 миң тонна көмүр бермекчи. Вице-премьер-министрлер ошондой эле, 2004-жылы суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип пайдалануу боюнча салттык келишимдин долбоорун даярдоону эксперттерге тапшырышты.

XS
SM
MD
LG