Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:53

ЖАҢЫ ЖЫЛДАН КИЙИНКИ КЫРГЫЗ БАСЫЛМАЛАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?


Жаңы жылдан кийинки кыргыз басылмаларында президенттин жарлыктары, өткөн жылдын экономикалык жыйынтыктары, алдыдагы аткарылчу иштер, Орусиядагы кыргызстандык ага-туугандардын жашоо-тирилиги тууралуу кеп жүрдү.

Өткөн жылдын соңунда президент А. Акаев улуттук телекөрсөтүү аркылуу эл менен эмнелерди сүйлөшкөнүн 6-январдагы “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттери кенен жазышты.

“Кыргыз туусунун” кабарчысы Мундузбек Тентимишевдин “Чет элдикке чыккан кыз” деген ой толгоосунда Батыш өлкөсүнөн жомоктогудай байгер жашоону издеген кыргыз кызынын тагдыры тууралуу кеп болот. Ойлогон жомогу ойронго чыгып, опсуз оор турмушка кабылган Швециядагы кыздын тагдырынан улам автор: “Деги мынчалык алыска чыгаарда кыздарыбыз аркы-беркини ойлонуп, аярлап иш кылса болгудай экен”, деп жазат.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырууда режиссер Жалил Абдыкадыров зор эмгек сиңиргендигин “Эркин тоо” гезитинде Эсенбай Калдаров эскерген. Жалил Абдыкадыровдун чыгармачылыгы тууралуу ушул эле гезитте театр сынчысы Абас Сырымбетовдун макаласы да жарыяланды.

Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери мүчөл жыл санагы жандана баштагандыгына Төрөн Жумаев ушул эле гезиттеги “Үркөр топ жылдызы жана мүчөл жылдын календары жөнүндө баян” деген макаласында токтолгон.

“Агым” гезитинин жаңы санында 2004-жылдын бюджети тууралуу илимпоз Айылчы Сарыбаев “Аттиң-айдын” ала көлөкөсүндө” деген маегинде пикирин билдирген. Айыл чарба өндүрүшүнө кошумча нарк салыгын киргизүүгө токтолгон Айылчы Сарыбаев эмне себептен бул салыктын кирип жатканын «премьер-министр да, финансынын орунбасар министри да, мыйзамчы депутат, салык комитетинин башчысы да, башкалары да жөндөп түшүндүрүп бере алган жок”, дейт.

Исфайрамсайдын алабындагы Көгөндү мөңгүсүнөн агып түшкөн суу көлгө келгенде кез-кез “боркулдап” турушунун себеп-жөнүн “Слово Кыргызстана” гезитинде Алексей Ермолов чечмелеп берген. Бийиктен төмөнгө атырылган суунун деми көлгө жеткенде бираз жайлайт, бирок өйдөтөн келген басымдын кысымы алдында ташка такалган суу муз ортосун жарып, маал-маал оргуп алат. Тоого чыккандар Көгөндү тоосунун көлүнүн ортосу “боркулдап” кетишинин себебин билишпейт. «Ошондон эл ичинде ал тууралуу аркыл миш-миштер айтылат», деп белгилейт автор.

“Замандаш” журналынын жаңы жылдык санында жарыяланган материалдар менен журналдын башкы редакторунун орунбасары Айнура Алмазбек кызы тааныштырат:

- “Карызың канча, кыргызым?”, “Глобалдашуу алаканга салган дүйнөдөй” деген эки макалада экономикалык жана геосаясий маселелер козголот. Дегинкиси глобалдашып бараткан дүйнөдө кыргыздар кандай орунду ээлейт, анын келечеги кандай? Бул тууралуу Илим Жанузаков ой жүгүрткөн. Журналист Кубан Абдымендин “Маанилүү саясий окуялар батыштын көз кырында” деген макаласы жарыяланды. Биздин журналда “ЮКОС-Ходорковский” иши Кыргызстанга келе жатабы?” деген аналитикалык макалага да орун берилди. Өткөн жылдын декабрь айында “Замандаш” журналынын редакциясы Орусиянын Екатеринбург шаарында Орусия менен Казакстандын 14 шаарында жашап-иштеп жүргөн кыргыз диаспорасынын жетекчилери менен “тегерек үстөл” жыйынын өткөрүп келген. Эки күндүк жыйынга Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу өзү катышып, анда кыргыз челнокторунун көйгөйлөрү талкууланды.
XS
SM
MD
LG