Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

БҮГҮН – ЫЙСА ПАЙГАМБАРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮ


Бүгүн православ христиандары Ыйса пайгамбардын туулган күнүн майрамдашат. Кыргызстандык православ христиандарын шаанилүү майрамы менен президент Аскар Акаев куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда Кыргызстанда көптөгөн дин өкүлдөрү жашап жатканы, дүйнөлүк диндердин баарысы – ислам, христиан, буддизм адамдарды сабырдуу, бей-бечарага кайрымдуу, боорукер болууга, бейпилдикке чакыраары айтылат. Президент А. Акаевден тышкары Орто Азиялык православ христиандарын митрополит Владимир да куттуктады.

Ыйса пайгамбардын сыйкырдуу жаралышын майрамдоо православ христиандарында 7-январда белгиленет. Католиктер болсо 1582-жылдан тартып бул майрамды 13 күн эрте белгилеп келатышат.

Бишкектеги Орто Азия епархиалдык башкармалыктын кеңсе жетекчиси, протоирей Игорь Дронов Ыйса пайгамбардын төрөлүшүнүн майрамы христиандардын эң ыйык - майрамдарынын майрамы, - дейт.

Бишкектеги Владимир храмынын жооптуу кызматкери иерей Николай Сущенко да бул майрамдын мааниси өзгөчө деди:

- Ыйса пайгамбардын сыйкырдуу жаралышы майрамын биз жаамы дүйнөдө жакшы ниет менен белгилейбиз.
XS
SM
MD
LG