Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:38

КЫРГЫЗСТАНДЫН АБАКТАРЫ РЕФОРМАГА МУКТАЖ


Азиза Турдуева, Бишкек Учурда Кыргызстандын абак системасын реформалоо боюнча улуттук программа даярдалууда.

Мындан 2 жыл мурда Кыргызстандын пенитенциардык системасын 2010-жылга чейин реформалоо боюнча концепция иштелип чыккан. Мындан тышкары, өткөн жылы премьер-министрдин токтому менен Кыргызстандагы абактарды реформалоо боюнча улуттук программаны иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына министрлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эларалык эксперттер кирген. Жумушчу топ тарабынан учурда абак системасын реформалоо боюнча улуттук программанын долбоору иштелүүдө. Бул программанын башкы максаты жөнүндө Юстиция министрлигинин алдындагы кылмыш-жаза системасын реформалоо бөлүмүнүн башчысы Сергей Котков мындай маалыматын билдирди:

- Башкы максат - бул жаза өтөө системасын жакшыртуу жана анча оор эмес кылмыштар үчүн Кылмыш кодексинде каралган жазаларды жеңилдетүү. Ошондой эле, жаза өтөө жайларындагы шартты эларалык стандарттарга жакындатуу.

Программада каралган негизги иш-чаралардын бири - өлкөдө жаза өтөөнүн альтернативалуу, башкача айтканда, жаза өтөөнүн жеңилдетилген тартип-ыкмаларын киргизүү болуп эсептелет. Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда эркинен ажыратылган көпчүлүк адамдар сөзсүз эле күчөтүлгөн тартиптеги камактарда эмес, өлкөнүн азыркы абак системасында орун ала элек башка жеңилдетилген тартипте да жаза өтөөгө тийиш. Анткени, бүгүнкү күндө жүздөгөн бейкүнөө же болбосо, кандайдыр бир кокустук менен жазага тартылган адамдар да күчөтүлгөн тартиптеги түрмөлөрдө жатышат.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу абактардагы абал оор бойдон калууда дейт:

- Кыргызстандагы түрмөлөрдүн абалы бүгүн өтө оор. Тамак-ашы начар, ооругандарга дары-дармектер жетишпейт.

Юстиция министрлигинин алдындагы кылмыш-жаза системасын реформалоо бөлүмүнүн башчысы Сергей Котков акыйкатчынын мындай оюна макул эместигин билдирди:

- Мен жакында бардык түрмөлөрдү кыдырып чыктым. Бир керебетке эки адам жатат деген туура эмес. Түрмөлөрдө адамдардын саны өтө көп деп айтуу да негизсиз. Түрмөлөрдө мындай көрүнүш жок. Ал эми тергөө изоляторлорунда андай болушу мүмкүн. Түрмөлөрдө тамак-аштын сапаты да жакшырды. Маселен, 2002-жылы жаза өтөө жайындагы бир адамдын тамагына күнүнө 12 сомдон бөлүнсө, азыркы учурда 28 сомдон сарптала баштады. Ал эми талап боюнча ар бир жаза өтөп жаткан адамга 36 сомдон каралышы керек.

Жаза өтөө башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, акыркы 2 жылда түрмөгө кесилген адамдардын саны өзгөргөн жок жана азыр өлкө боюнча темир тордун ары жагында 18 миңдей адам бар.
XS
SM
MD
LG