Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

БОРБОР АЗИЯ ЧӨЛКӨМҮНДӨ СУУ-ЭНЕРГЕТИКА МАСЕЛЕСИ ООРЛОДУ


http://gdb.rferl.org/2E2396A4-2B46-4172-82B8-4EB2BAF8DDE9_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/2E2396A4-2B46-4172-82B8-4EB2BAF8DDE9_mw800_mh600.jpg Жекшемби күнү Казакстандын Чымкент шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын вице-премьер-министрлери жетектеген делегациялар чогулуп, аймактагы суу-энергетикалык маселелерди талкуулашты. Анын жыйынтыгында тараптар суу-энергетика багытында 2004-жылы кызматташуу боюнча келишимдин долбоорун даярдоого макулдашты.

Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Базарбай Мамбетовдун айтымында, аймактагы суу-энергетика маселесинин курчуп кетиши үч мамлекеттин вице-премьер-министрлери жетектеген делегациянын жекшембидеги жолугушуусуна себеп болгон. 2003-жылы Казакстан менен Өзбекстан чөлкөмдүн суу-энергетика ресурстарын биргелешип пайдалануудан баш тарткан. Анын натыйжасында Кыргызстан коңшу мамлекеттерден көмүр, газ жана мазутту аз алып, кыш мезгилинде электр энергиясын көбүрөөк иштеп чыгыш үчүн Токтогул суу сактагычынан сууну көбүрөөк агыза баштаган. Бул өз кезегинде коңшу мамлекеттерде күтүүсүз кырдаалды жаратууга негиз болгон. Ал тууралуу Базарбай Мамбетов мындай деди:

- Көп суу чыккандан кийин Сырдарыянын жээгиндеги - Тажикстандагы Кайраккум суу сактагычы, андан кийин Казакстандагы Шардара суу сактагычы толуп кетүүдө. Өзгөчө Шардара суу сактагычы толуп, анын тосмолору жырылып кетүү коркунучуна кабылды. Эгерде суу сактагыч бузулуп кетсе, чөлкөмдө катастрофа болот. Анткени ал жерде 4,5 миллиард кубометр суу бар.

Казакстан Токтогул суу сактагычынан суунун агымын азайтыш үчүн Кыргызстанга 15 миң тонна мазут, 83 миң тонна көмүр берүүнү чечти. Анын акысын Кыргызстан жай айларында иштелип чыккан электр энергия менен төлөп бермекчи. Бирок Казакстан берген көмүр жана мазут январь айына гана жетет. Ошондуктан Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрү февраль жана март айларында эмне кылууну чечиш үчүн 15-январда кайрадан жолугушмакчы.

Ал эми 12-январда болсо үч мамлекеттин эксперттери Ташкенге чогулуп, мына ушундай кыйын кырдаалдарга жол бербөөнүн жолдорун издеп, 2004-жылы суу-энергетика багытында кызматташтык боюнча келишимдин долбоорун түзүүгө аракеттенмекчи.

Кыргызстандын делегациясы Чымкенттеги жолугушууда Өзбекстанга кайрылып, быйылкы жылдын биринчи кварталында кошумча 150 млн. кубометр газ сатууну, анын акысына жайында электр энергиясын алууну сунуштаган. Бирок, Чымкенттеги жолугушууга катышкан кыргызстандык атын атабоону өтүнгөн адистин айтымында, Ташкен андай сунушту кабыл алган эмес. Ал эми Базарбай Мамбетовдун сөзүнө караганда, кыргыз делегациясы өзбек тарапка маселени кабыргасынан койду:

- Эгерде 2004-жылы электр энергиясын албасаңар, ушундай эле кырдаал жыл аягында да кайра кайталанып, Кайраккум, Шардара суу сактагычтарын талкалап алабыз деп эскерттик.

Борбор Азия аймагындагы суу-энергетика маселесин Бириккен Улуттар Уюму СПЕКА аттуу программанын алкагында чечүүгө аракеттенип келатат. Бирок андан азырынча майнап чыга элек. Тескерисинче, өткөн жылы кырдаал оорлоду. Август айында Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстандан энергия сатып алуудан баш тартып, 2004-жылдагы суу-энергетика багытында кызматташуу боюнча жыл сайын түзүлүүчү келишимге кол коюлбай калды. Анын натыйжасында Казакстан менен Өзбекстанды суу каптап, ал эми Кыргызстан газ, көмүр жана мазутка муктаж бойдон калууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG