Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ооганстанда уланып жаткан зобун-зомбулуктар быйылкы жылга белгиленген жалпы элдик шайлоо өнөктүктөрүнө олуттуу кесепетин тийгизиши мүмкүн экенин эскертти. Аннан шейшемби күнү Кандагарданы террордук кыянатты жексур кылмыш деп атады. Коопсуздук кеңеши эмдиги аптанын бейшембисинде Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлү Лахдар Брахиминин отчетун талкуулайт.

Кандагардагы кандуу кыянатта, такталган маалыматтарга ылайык, он эки адамдын, анын ичинде сегиз баланын өмүрү кыйылды. Жабыркагандардын саны жалпы эсепте алтымыштан ашты. Окуяга күбө болгондордун бири адегенде чакан жарылуу болгонун, андан жабыркаган бир жаш балага жардам бергени адамдар жабалактап чуркап келгенде экинчи бомба жарылганын айтып берди.

Кандагардагы окуяны ооган президенти Хамид Карзай катуу айыптап, барып турган жапайычылыкка теңештирди. Полиция шек туудурган бир адамды кармап, суракка алып жатат. Жергиликтүү бийликтер бул иштин артында талиптердин, атүгүл “Ал-Каиданын” күчтөрү тургандыгынан шек санашпайт. Ошол эле күнү Кандагарда ООНдун качкындар боюнча жогорку комиссарынын жергиликтүү кеңсесине ким бирөөлөр тезатардан ок жабылтып, колбомба ыргытышты. Бактыга жараша эч ким жабыркаган жок.

Кандагардагы окуялардан бир саат өтпөй Нью-Йоркто ООНдун баш катчысы Кофи Аннан коопсуздук кеңешине атайын кат жолдоп, Ооганстандагы жагдайга байланыштуу олуттуу камтамачылыгын билдирди. Баш катчынын катында айтылган негизги ойлорду журналисттер үчүн чакырылган маалымат жыйынында Аннандын жардамчысы Фред Экхард окуп берди. Экхарддын айтымында, Аннан өз катында Ооганстандагы тынчтык процесси өтө кыйын-кычык абалга жеткенин белгиледи. Соңку үч айдын ичинде жөн-жайкын калкка кол салып, алардын өмүрүнө забын келтирген иштер мурдагы эки жылга салыштырганда кескин күч алып кетти. Кандагардагы окуяны Аннан жеткен жексур кылмыш деп атады.

Ооганстанда быйыл жайда президенттик, ал эми жыл этегинде парламенттик шайлоо өтмөкчү. Аннандын баасында, саясий бул өнөктүккө камылганын жүрүшү кыйла аксап жатат. Өлкөдө шайлоочуларды каттоо боюнча борборлор абдан аз, алар добуш берүүгө укуктуу калктын баарын,айрыкча түштүк жана түштүк-чыгыш провинцияларда жайга чейин тизмелеп чыкканга жетишпей калышы ыктымал. Натыйжада Бонндогу келишимди жүзөгө ашыруу үзгүлтүккө учурашы ажеп эмес.

Ооганстандагы жагдайга байланыштуу коопсуздук кеңеши да шейшемби күнү билдирүү жасады. Анын текстин кеңештин учурдагы төрагасы, Чилинин элчиси Хералдо Муноц окуп берди. Коопсуздук кеңеши Лойа жырганын делегаттарын узакка созулган жана көп тараптуу иштин өтөсүнө чыкканы,жалпы ооган калкын болсо өлкөнү кайра куруу иштерин улантып жатканы үчүн куттуктаган. Коопсуздук кеңеши ошону менен бирге Кандагардагы окуяны да айыптап, тыйылбай жаткан зобун-зомбулуктар быйылкы жылы боло турган шайлоо өнөктүктөрүнүн эркин жана адилет өтүшүнө кедерги болушу мүмкүн экенин эскертти. Кеңештин мүчөлөрү алдыдагы аптанын бейшемби күнү ООНдун Ооганстандагы атайын өкүлү, Алжирдин мурдагы тышкы иштер министри Лахдар Брахиминин отчетун угуп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулоону чечишти.
XS
SM
MD
LG