Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

МАРСКА АМЕРИКАЛЫК АППАРАТ КОНДУ


Нарын АЙЫП, Прага 4-январда Марс планетасына дөңгөлөктүү роботу - марсжүргүсү бар америкалык аппарат конду жана январдын аягында Марска дагы бир аппарат келип конууга тийиш. Былтыр бир космос чөлмөгү кыйрап, жети астронавт курман болгондон кийин бир топ түйшүккө баткан америкалык НАСА космос агенттигинин бул жетишкендигине дүйнө окумуштуулары жогору баа берүүдө.

Аппарат Марска 4-январда конуп, төрт дубалын ачкандан кийин, анын ичиндеги "Спирит" деп аталган робот ылдый түшпөстөн туруп, айланасын сүрөткө тартып алып, сүрөттү Жерге жиберген. 5-январда болсо робот Жерге биринчи үч-ченемдүү түстүү сүрөт жиберди жана ушунун өзүн эле зор жетишкендик деп атаса болот. АКШнын Космос агенттиги - НАСАнын администратору Шон О'Киф кубанганын жашырган жок: "НАСА үчүн бул улуу күн. Биз кайрадан жогорку деңгээлге көтөрүлдүк. Марска конгонубузга мен сыймыктанам. Бул ченемсиз жетишкендик!"

"Спирит" жиберген сүрөттөрдө - анча-мынча гана таштары бар ээн талаа көрүнөт жана илимпоздордун пикиринде, ал конгон талаа - мурда тайыз көл болушу да мүмкүн. Беш-алты күндөн кийин алты дөңгөлөгү бар робот марсжүргүгө айланып, аппараттан ылдый түшүп, биринчи сапарга чыгууга тийиш. Анын көптөгөн илимий аспаптары бар жана робот кыртыштын үлгүлөрүн алып, аларды өзү да изилдей алат. Эң негизги максат - суу же кандайдыр бир тиричиликтин изин табуу.

"Спирит" бир чакырым алыстыкка чейин жүрүп бара алат жана 90 күнгө чейин иштейт. 25-январда болсо Марстын башка капталына дагы бир америкалык робот конууга тийиш, анын аты "Оппотюнити". Мурдагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, ал аймакта темир кенинин бир түрү болушу мүмкүн, андай кошулма болсо суу бар жерде гана пайда болот. Жердегидей тиричилик пайда болушу үчүн сөзсүз суу керек жана америкалык окумуштуу Ричард Тэйлордун айтымында, Марстын үстүндө өмүр сүрүү мүмкүн болбосо дагы, анын түбүндө кандайдыр бир тиричиликтин бар болушу мүмкүн жана "Спирит" ошонун белгилерин дагы издейт: "Кыртыштын алдында тиричилик болсо, анда органикалык реакциялардын калдыктары сыртка чыгышы мүмкүн жана ал - биологиялык өзгөрүүлөрдүн белгиси болот. Андай белгилер табылса, Марс кыртышынын алдында тиричилик бар деп айтууга негиз табылат".

Тэйлордун айтымында, планетанын үстүндө тиричилик табуу мүмкүн эмес, анткени ага эч кандай шарт жок: "Марстын үстүндө суу жок жана көптөгөн жылдар бою болгон эмес. Андан тышкары, көп жылдар бою Марста жакшылыктуу атмосфера да жок жана анын кыртышы 500 милион жыл бою магнит талаасы менен гана корголуп келген. Мынчалык узак мезгилде планетанын кыртышына радиация эркин жеткендиктен, тиричилик мурда болсо дагы, ал толугу менен жок болгон".

1960-жылдардан бери Марска 35 спутник учурулган, бирок алардын бешинчиси гана азыр планета бетине ийгиликтүү конду. 1960-жылы СССРден Марска учурулган биринчи спутниктин ракетасы жарылып кеткен. 1971-жылы СССРден учурулган "Марс-3" аттуу спутник планетага конгон, бирок 20 секунддан кийин иштебей калган. 1976-жылы Марска "Викинг-1" жана "Викинг-2" аттуу америкалык спутниктер конгон жана алар Жерге 100 миңге жакын сүрөт жиберген. 1997-жылы Марска дагы бир америкалык аппарат - "Пэтфайндер" конгон, Марска 2003-жылдын 25-декабрында конууга тийиш болгон британиялык "Бигл-2" аппаратынан азырынча эч кабар жок.
XS
SM
MD
LG