Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:49

ТҮРМӨДӨГҮЛӨРГӨ МУНАПЫС БЕРИЛБЕЙ ЖАТЫШЫНА Ф. КУЛОВ СЕБЕПКЕРБИ?


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу өткөн жылы парламент кабыл алган «Конституциянын кабыл алынганынын 10 жылдыгына жана кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө» мыйзамга тезинен кол коюуну өтүнүп, президентке кайрылды.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсү боюнча, президентке кайрылуу жолдоого мунапыс алууга укуктуу миңдеген атуулдардын абактагы оор абалы жана бардык түрмөлөрдө өкүм сүргөн моралдык-материалдык кыйын кырдаал түрткү болду.

- Азыр бардык түрмөлөрдө бир гана маселе - мунапыс тууралуу мыйзам качан кабыл алынат деген маселе талкууланып жатат, - дейт Турсунбай Бакир уулу. - Мен түрмөлөргө акыркы ирет барганымда парламент менен президент акыры бир пикирге келди, мунапыс тууралуу мыйзамга кол коюлат деп айткам. Тилекке каршы, ал ишке ашкан жок. Ошондуктан мен кечээ президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдоп, аталган мыйзамга тезинен кол коюуну өтүндүм. Анткени, азыр түрмөлөрдө каражат жагынан да, моралдык жактан алганда да кырдаал абдан кыйындап кетти.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны аталган мыйзамды алгач өткөн жылдын 24-апрелинде кабыл алып, аны Эл өкүлдөр палатасы май айындагы сессиясында жактырган. Бирок, июль айында президент ага кол коюуга каршы болуп, экономикалык кылмышка барган адам мамлекетке келтирген зыянды төлөп бермейинче мунапыс ала албайт деген жобону киргизүү зарылдыгын билдирип, парламентке кайрып берген. Мыйзам чыгаруу жыйыны президенттин сунушуна макул болуп, долбоорду Эл өкүлдөр палатасынын жактыруусуна жөнөткөн. Палата мыйзамды кароону жайкы сессиясынын күн тартибине киргизип, бирок, ал каралбай калган.

Ушундан улам коомдо мыйзам саясий себептер менен каралбай жатат деген пикирлер пайда болду. Андай ойду алгачкылардан болуп, «Арнамыс» партиясынын өкүлдөрү айтып, аны түздөн-түз партия лидери Феликс Куловдун абакта жатышы менен байланыштырышкан. Ал тууралуу «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай дейт:

- Эң башкы себеп - Феликс Кулов. Себеби, эгер бул мыйзамга кол коюлса Феликс Кулов эркиндик алмак. Президенттик администрациянын кызматкерлери Куловдун эркиндик алаарын байкап калып, мыйзамды Жогорку Кеңешке тез арада кайрып беришти. Аны Феликс Кулов боштондукка чыкпагандай кылып оңдотконго аракет кылышты. Эгерде Феликс Кулов абакта болбогондо мындай окуя болмок эмес. Мындай окуялар тарыхта болгон эмес, кийин да болбойт.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков да мыйзамдын каралбай жана президенттин ага кол койбой жатышында саясий негиз бар деген ойдо.

- Тилекке каршы, Эл өкүлдөр палатасы мыйзамды белгисиз себептер менен карабай жатат, - дейт Ишенбай Кадырбеков, - Мен депутаттардан сурасам, алардын бирөө да эмне үчүн каралбай жаткандыгын түшүндүрүп бере алган жок. Балким, мыйзамдын бийликке жакпаган дагы бир жери табылып калгандыр. Ошол себептен каралбай жаткандыр. Мен түшүнө албай жатам.

Ал эми мыйзам долбоорун Эл өкүлдөр палатасынын кароосуна даярдап, сунуштаган Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасынын орун басары Исхак Масалиев мыйзам саясий себептер менен каралбай жатат деген ойго негиз жок экендигин айтты:

- Жок, бул туура эмес. Мурдагы сессиянын күн тартибине киргизген болчубуз. Бирок, бир топ депутаттар үйүбүзгө тезирээк кетели дешип, кийинкиге калтырып коюшкан. Бул депутаттардын үйлөрүнө шашкандыгынан улам болду. Бул жерде эч кандай саясий оюн жок.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча аталган мыйзамды Эл өкүлдөр палатасы Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алгандан кийин 60 күндүн ичинде карабаса, президент кол коюуга укуктуу. Ушундан улам Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугусуз эле мыйзамга президент кол койсо, анда 15 миңге жакын атуулдун жаза өтөө мөөнөтү кыскарып, 786 адам боштондукка чыгат. Булардын ичинде кургак учуктун оор түрү менен ооругандар, 1-2-топтогу майыптар, 7 жылга чейин биринчи жолу соттолгондор, анчалык оор эмес кылмыш кылгандар, курагы 58 жаштан ашкан аялдар менен 65 жаштан өткөн эркектер жана майып ата-энеси же экиден кем эмес баласы бар жалгыз багуучу адамдар эркиндик алышат.
XS
SM
MD
LG