Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

ДЕПРЕССИЯ – СОЦИАЛДЫК ДАРТ


Депрессия – көңүл чөгүү дарты адам көп этибарга албаган көрүнүштөрдүн бири. Анын соңу аракечтикке, өз өмүрүнө кол салууга алып барган учурлар көп.

Депрессия дартынын негизги белгилери - маанайдын пастыгы, жашоого болгон кызыгуунун өчүшү, өзүнө ишенбөөчүлүк. Депрессия учурунда адам алсырап, табити жоголуп, уйкусу качат. Бул дарттын учурда көбөйүшүнө социалдык-экономикалык шарт, жумушсуздук, эртеңки күн үчүн кооптонуу сыяктуу жагдайлар негизги себеп болууда. Депрессияга чалдыккан адам башкалардан өзүн кем сезип, көпчүлүктөн кача баштайт.
Ага байланыштуу Бишкек шаардык психотерапевдик борбордун жетекчиси Кенешбек Υсөнов мындай бир мисалды келтирет:

- Мен жакында бир оорулуу кызды дарыладым. Ал катуу корккондуктан 2 жыл бою үйүнөн чыкпай жашаган. Атүгүл келген меймандардан да коркот экен. Иштегенге мүмкүнчүлүгү бар, бирок, андан да коркот.

Көңүлчөгүүдөн арылуу аракети менен иче коюп жүрүп, көп адамдар аракка берилип кетет. Көңүлүпастыктын «көшөгөсүнүн» артында - жеке тагдырдын кайгысы, ажырашуулар, мээримсиздик, жетишпестик жана жокчулук сыяктуу жагдайлар турат. Адистердин айтымында, депрессияга чалдыккандардын 40% өз өмүрлөрүн кыйууга барышат. Көпчүлүк оорулуулар депрессияга чалдыгып калганын өз учурунда сезишпейт. Кээде бул дартты дарыгерлер өздөрү да туура аныктай албай, дарылоо кечеңдеп, оору өтүшүп кеткен учурлар бар.

- Депрессиянын баскычтары, түрлөрү болот, - дейт Кеңешбек Үсөнов. - Ошого жараша туура аныктоо зарыл. Учурда орусча айтканда «паническая атака», «маскированная депрессия» деген түрлөрү көбүрөөк учурап жатат. «Паническая атакада» - өтө катуу коркуу болот. Ал эми «чүмбөттүк депрессия» – чүмбөт кийген адамдай. Адеп башында билине бербейт. Мында баш же жүрөк, же омуртка, бел ж.б. сыяктуу органдар катуу ооруйт. Сыркоо да, дарыгер да мындай учурда депрессияны так байкабашы мүмкүн. Чынында бул жерде органдар эмес, адамдын көңүлү, жан дүйнөсү ооруйт. Учурда көп врачтарыбыз бул дартты так аныктап дарылоого даяр эмес. Бирок, врачтардын билимин өркүндөтүү аракети жүрүп жатат. Депрессия боюнча китептерди чыгарганы жатабыз.

XS
SM
MD
LG