Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:28

АКШ КЫРГЫЗ САЯСАТЧЫЛАРЫН ЭМНЕ МАКСАТТА ВАШИНГТОНГО ЧАКЫРУУДА?


Март айынын башында кыргызстандык саясатчылар АКШга барышат. Алардын катарында мурунку премьер-министр, депутат Курманбек Бакиев, мурдагы Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев жана «Атамекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бар.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, чакыруу АКШнын Мамлекеттик департаментинен келди. Анда Вашингтондо 1-марттан 15-мартка чейин партиялык түзүлүш маселеси боюнча окуу өтөөрү айтылган. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин маалыматы боюнча, сапар учурунда Кыргызстанга байланыштуу бир катар маселелер талкууланышы мүмкүн:

- Ал жерде ар түрдүү маселелер талкууланат. Анын ичинде Кыргызстандагы азыркы абал, андан кандайча чыгуунун жолдору, ага кайсы күчтөр таасир эте алат өңдүү маселелер болушу ыктымал.

АКШдан чакыруу кагазын алганын мурунку Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев да ырастады. Айрым саясатчылардын пикиринде, Американын Мамлекеттик департаменти келечектеги президенттик шайлоонун алдында кыргызстандык таасирлүү саясатчылардын башын кошууга аракет жасашы ыктымал. Аны Вашингтонго Кыргызстандан бул ирет кимдер чакырылганы эле кыйыр түрдө тастыктап турат, - дешет алар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG