Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

АКШ ЖАНА ЕВРОПА БИРИМДИГИ ГРУЗИЯНЫН ЖАҢЫ БИЙЛИГИНЕ ЖАРДАМ КӨРГӨЗҮҮГӨ ДИЛГИР


АКШ Грузиянын жаңы бийлигине жардам көргөзөөрүн кайрадан ырастады. Ушундай эле ниети бар экенин Европа Биримдиги да билдирүүдө. Европа Биримдиги өзгөчө Грузиянын шайланган президенти Михаил Саакашвилинин коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү жарыясын кубаттады. Вашингтон Тбилисиге тышкы карыздарды жеңилдетүү ишинде да колдоо көргөзүүгө даяр. Бирок бул үчүн Грузия Эл аралык валюта корунун чыгымдарды кыскартууну караган программасын кабыл алышы керек.

АКШнын да, Европа Биримдигинин да расмий өкүлдөрү Грузиядагы кезексиз президенттик шайлоонун жүрүшүн жана жыйынтыгын оң баалашкан эле. Шайлоого өз байкоочуларын жөнөткөн ЕККУ уюму да бул жолку добуш берүү мурдагыга салыштырмалуу кыйла демократиялуу өткөнүн белгилеген болчу. Соңку шайлоо Грузиянын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын Европа Биримдигинин азыркы төрагасы – Ирландиянын шаршембиде таратылган билдирүүсүндө айтылды. Ал эми шайланган президент Михаил Саакашвили өзү биринчи кезекте киришүүчү маанилүү милдети катары коррупцияга каршы күрөштү атоодо. "Ассошейтед пресс" агенттигине берген маегинде ал антикоррупциялык кампания мурдагы президент Эдурад Шеварнадзеге да тийиштүү болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбады:

- Биз парламентке өтө катаал, жогорку бийлик чөйрөлөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүчү атайын жаңы мекеме түзүүнү караган мыйзамды киргизүүгө муктажбыз. Мен эч качан Шеварнадзеге мыйзамсыз эсептерине тийбешимбизди убада кылган эмесмин. Мен ал коопсуздука ээ болоорун жана куугунтукталбашын убада кылгам. Менин ишенимимде, биз андан же дагы башка бирөөлөрдөн өч албашыбыз керек.

Мындан башка маанилүү милдеттердин катарына ал өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоону, АКШ, Европа Биримдиги жана Орусия менен алаканы чыңдоону кошту. Экономикалык кырдаал Грузияда азыр өтө оор экени белгилүү. Өлкөнүн тышкы карызы 1 миллиард 750 миллон долларды түзөт. Кошмо Штаттар грузин бийликтерине бүлүнүп - чачылган чарбаны калыбына келтирип, реформа жүргүзүүдө, коррупцияга каршы күрөш менен катар өлкөнүн тышкы карыздарын жеңилдетүү ишинде да жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бирок Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучердин айтымында, карыздардын кыскартылышы үчүн Грузиянын өкмөтү Эл аралык валюта корунун чыгымдарды азайтууну караган программасын кабыл алышы керек. Ошондой эле бул маселе кредиторлордун Париж клубунун алкагында талкууланышы абзел.

Грузиянын жаңы бийлигине жардам берүүгө дилгир экенин Европа Биримдиги да айтууда. Уюм шайланган президент М. Саакашвилинин коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү жарыясын да кубаттады. Кезексиз президенттик шайлоону өткөрүү жана азык–түлүк үчүн чукул жардам катары Европа Биримдиги өткөн айда Грузияга 7 миллион евро ажыраткан болчу. Еврокомиссиянын өкүлү Диего де Охеда:

- Биз шайлоону уюштурууга БУУнун өнүгүү программасы, ЕККУ уюму менен биргеликте жардам бердик, бул шайлоого байкоо жүргүздүк. Биз мындан ары да качан ылайыктуу делген учурда өткөрүлүүчү парламенттик шайлоонун алкагында жардам берүүгө даярбыз.

Жакынкы күндөрү Грузиянын жаңы бийлиги менен кызматташтыктын жолдорун талкуулоо үчүн Тбилисиге уюмдун Түштүк Кавказ боюнча атайын элчиси келген жатат.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Европа Биримдигинин ири жардамдарынын келечеги шайланган президенти М.Саакашвили убада кылып жаткан реформалардын ийгилигине жараша болот. Уюмдун шаршембидеги билдирүүсүндө белгиленгендей, бул реформалардын ийгилиги Грузияга карата эл аралык колдоонун көбөйүшүнө көмөктөшөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG