Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Бейөкмөт уюм президентке кайрылды


БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы президент Аскар Акаевге Бишкек шаарынын Эмен багындагы Сүрөтчүлөр бирлигине караштуу имаратты православ чиркөөсүнө кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу бүгүн коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов «Азаттыкка» маалымдады. Кайрылууда Эмен багындагы бул имарат 1929-жылга чейин Никол православ чиркөөсү болгондугу, андан кийин, коммунисттердин чечими менен сүрөт галлереясына айланганы айтылган. Кайрылууда дин эркиндиги, көп конфессиялуулук жана толеранттуулук орун алган өлкөнүн жетекчилиги аталган имаратты православ чиркөөсүнө кайтарып берет деген ишенич айтылган. 1990-жылдардын башында өкмөттүн чечими менен Караколдогу жана Ош шаарындагы православ чиркөөлөрүнө мурдагы имараттары кайтарылып берилген.

XS
SM
MD
LG