Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Ыйса пайгамбардын туулган күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы православ христиандары Ыйса пайгамбардын туулган күнүн белгилешти. Бишкектеги Православ чиркөөсүндө миңден ашуун православдар сыйынуу ырым-жырымдарын жасады. Ташкен жана Борбордук Азиядагы православ-христиандарынын митрополити, отец Владимир жалпы христиандарды жана кыргызстандыктарды Ыйса пайгамбардын урматына байланышкан майрам менен куттуктап, сөз сүйлөдү. Майрамдык каада-салтка өкмөт алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү катышты.
Жалалабад шаарындагы чиркөөдө бүгүн өткөн сыйынуу аземине жүздөн ашык христиандар келди. Алар кудайдан ден-соолук, тынчтык тилешти. Чиркөө башчысы Иерей Сергий Чаришко ушундай жөрөлгөлөр Майлысуу, Ташкөмүр, Каракөл, Кочкората шаарларында да өткөндүгүн билдирди. Облуста 14 миңге жакын христиан дининдеги адамдар бар.
Кыргызстан боюнча христиандардын 260ка жакын диний коомдору, сыйынуу жайлары жана чиркөөлөрү катталган. Өлкөдөгү христиандардын басымдуу бөлүгү православдар.

XS
SM
MD
LG