Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

Марс планетасынан алгачкы түстүү сүрөттөр алынды


ПАСАДЕНА. Американын Марс жүргүсү планетанын жер кыртышы тартылган алгачкы түстүү фотосүрөттөрдү жиберди. Американын НАСА космостук агенттиги бул планетадан мындай даана сүрөттөр мурда тартылып алынбаганын айтат. Сүрөттөрдүн биринде кызыл топурактуу таштак жер тартылган экен. НАСА агенттиги өткөн февралда кырсыкка учурап курман болгон космостук экипаждын эстелигине Марс жүргү конгон жер "Колумбия Мемориалдык Станциясы" деп атала тургандыгын билдирди.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG