Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Өткөн түнү Вьетнамда 6 киши өлүм жазасына тартылды


ПРАГА. Өткөн түнү Вьетнамда 6 киши өлүм жазасына тартылды. Алардын төртөө - ракета атканы, экөө - маңзаттар менен аткесчилик кылганы үчүн жазаланды. Вьетнамдын мамлекеттик маалымат каражаттарынын айтымында, өткөн жылы өлкөдө 69 киши өлүм жазасына тартылган, баары болуп, былтыр 111 киши өлүм жазасына кесилди. Жакында Вьетнам мурда мамлекеттик купуя сыр болуп эсептелген өлүм жазасы жөнүндө келечекте ачык маалымат берип турууну чечти. Ал эми АКШда өткөн түнү эки киши өлүм жазасына тартылгандыгы маалымдады. Экөө тең киши өлтүргөндүгү үчүн жазаланды.

XS
SM
MD
LG