Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Тажикстанда өткөн жылы тогуз жарым тонна маң зат кармалды


ДУШАНБЕ. Тажикстандын маңзат аткесчилигине каршы күрөшүү агенттиги өткөн жылы Россиянын чек арачылары менен тажик аскерлери 9,5 тонна маңзат конфискациялашканын билдирди, анын беш жарым тоннасын героин түзөт. 2002-жылы Тажикстанда төрт миң тоннадай героин кармалган эле. Бул көрсөткүчтөр кошуна Ооганстанда маң зат өстүрүү кыйла көбөйгөндүгүн айгинелейт. Анын аралыгында, өлкөнүн наркоаткесчиликке каршы күрөшүү кызматында иштеген подполковник 30 килограмм апийим менен кармалгандыгы маалымдалат. Өткөн жылы, маң зат аткесчилиги үчүн республикада, бери дегенде, 10 тажик офицер камакка алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG