Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Грузиянын президенти болуп шайланган Михаил Саакашвили бүгүн өлкөнүн экс-президенти менен жолугушту


ТБИЛИСИ. Грузиянын президенти болуп шайланган Михаил Саакашвили бүгүн өлкөнүн экс-президенти менен жолугушту. Чакан сүйлөшүүдөн кийин Михаил Саакашвили менен Эдуард Шеварднадзе Тбилисинин чиркөөсүндө Иса Пайгамбардын туулган күнүнө арналган диний жөрөлгөгө катышты. Патриарх Илья Экинчи өткөргөн диний каадага өлкөнүн президентинин милдетин аткарып жаткан Нино Буржанадзе да катышты.Саакашвили өткөн айда президенттиктен четтетилген Эдуард Шеварднадзе менен анын үй-бүлөсүнүн финансылык иштерин текшерип чыкканга убада берген. Саакашвили коррупцияга каршы күрөшүү анын негизги максаттарынын бири боло тургандыгын белгилеген.
Грузиядагы президенттик шайлоонун толук жыйынтыктары 12-январда чыгарылат. Ага чейин аба ырайынын начар болгондугуна байланыштуу шайлоо бюллетендери жеткирилбей калган Кодор районунда добуш берилет.

XS
SM
MD
LG