КИРКУК. Ирак полициясынын билдиргенине караганда, бүгүн Киркукта белгисиз бирөө полиция бекетине кол салып, бир полициячыны өлтүрүп кеткен. Кол салуудан, ошондой эле, бир жөнөкөй киши жараат алган. Анын аралыгында, бүгүн Ирактагы коалициялык аскерлер Багдаддын түндүк тарабында аскердик рейддерди өткөрдү. Акыркы эки күндүн ичинде коалициялык аскерлер 80 шектүү кишини камакка алышты.