Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Багдаддын чет жагындагы базаны бутага алган минометтук чабуулдан АКШнын 35 аскери жараат алды


Ирактагы америкалык командачылык минометтон атылган алты снаряд базанын аскерлер уктаган бөлүгүндө жарылганын билдиришти. Анын алдында эле Багдаддагы америкалык башкаруучу Пол Бремер Ирактагы түрмөлөрдө отурган 506 туткунга мунапыс жарыяланганын билдирген. "Өз мекендештеринин көз карашын кабыл алган бул ирактыктарга дем бериш үчүн биз жүздөгөн туткундар түрмөдөн бошотулуп, үйлөрүнө кайтып барышына уруксат бермекчибиз. Эртең коалициялык күчтөр алгачкы 100 туткунду эркиндикке чыгарышат", - деди Пол Бремер. Ушу тапта Ирактын түрмөлөрүндө 10 миңдей туткун бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG