Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:36

КЫРГЫЗСТАНДА ШАРП ЫЛАҢЫНЫН КОРКУНУЧУ КАНЧАЛЫК?


Өлкөнүн Нарын жана Баткен облустарында ача туяктуу мал шарпка чалдыгып жатканы тууралуу кабарлар бар. Ал эми Талас облусунун мал базарлары шарпка байланыштуу жабылып калган. Бирок, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ветеринария департаменти республикада шарп ылаңы жок деген маалыматын айтууда.

Соңку күндөрдө өлкөнүн айрым аймактарында, так айтканда, Талас, Баткен, Нарын жана Ош облустарында ача туяктуу малда шарп ылаңы кайра байкалганы тууралуу маалыматтар тараган. Шарп алгач Манас районунун Покровка айылында чыгып, кийин абал оорлоп баратканда облустагы бардык мал базарлар жабылганын 8-январда Талас облустук мамлекеттик администрациясынын агрардык өнүгүү секторунун башчысы Байыш Дүйшөбаев минтип тастыктады:

- Алгач Покровка айылындагы айрым малдар ылаңдап жатканы айтылып, ал жерге барган облустун адистери малдын чындыгында эле шарп менен ылаңдап жатканын аныкташкан. Мага 36 уй ылаңдады деп билдирилди. Бишкектен шарпка каршы вакцина алынып келип, Талас облусу боюнча 50 миңден ашык уйга дары сайылды деген маалымат бар. Мурда райондогу базарлар жабылган, өткөн аптада Талас шаарындагы базар да жабылды.

Байыш Дүйшөбаевдин айтымында, шарп ылаңы Таласка Казакстандын Чымкент шаарынан сатылып келген малдан жуккан деген божомол бар. «Азыр кырдаал колго алынып, дарылоо иштери аяктап калгандыктан, Таластагы мал базарлар жакынкы күндөрдө кайра иштейт баштайт», - дейт Байыш Дүйшөбаев.

Акыркы күндөрдө шарпка байланыштуу Нарын облусунан тышка мал чыгарылбай жатат. Мал киндиктүү Атбашы, Акталаа райондорунда абал түзүк болгону менен, Нарын районунун Оттук айылынын бир жашоочусунун короосунан шарп ылаңы чыккан. Кочкор районундагы Каратоо айылынан да 3 уй шарп ылаңына чалдыкканы аныкталды. Нарын облустук ветеринария башкармалыгынын кызматкери Жеңиш Молдоибраевдин айтымында, азыр облуста көзөмөл күчөтүлдү:

- Оттукка, Кочкорго карантиндик убактылуу посттор коюлган. Андан ары мал өтпөйт. Биздин жетекчибиз Оттукка, Кочкорго кайра-кайра каттап жатат. Бүгүн да Оттукка кеткен.

Жеңиш Молдоибраевдин маалыматы боюнча, Атбашынын, Акталаанын малбазарлары иштеп жатканы менен, Нарындагы малбазар жабылган.

Баткен облусунан алынган маалыматтарга караганда акыркы күндөрдө Баткен районунун Кызылбел, Булакбашы, Чек жана Карабак айылдарында да шарп илдетине кабылган бодо малдын саны көбөйүүдө. Ал эми облустук ветеринария башкармалыгынын адистеринин пикири боюнча, мал негизинен шарптын жеңил түрү менен ылаңдап жатат.

Бирок, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ветеринария департаменти республикада мал шарп ылаңы менен ооруган жок деген маалыматын айтууда.

- Бизде шарп менен ылаңдады деген маалымат жок. Тышкы, коңшулаш мамлекеттерде, ырасмий эмес маалыматтарга караганда ушундай ылаң жүрүп жаткандыгына байланыштуу биз малды массалык түрдө ветеринардык-клиникалык кароодон өткөрүп, эмдөө иштерин тегиз жүргүзүп жатабыз, - дейт аталган департаменттин ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Калыс Жумаканов.

Анын айтымында, мал арасындагы жугуштуу оорулардын алдын-алуу максатында жыл сайын эки ирет - жазында жана күзүндө эмдөө иштери акысыз жүргүзүлөт жана азыр ошол пландуу эмдөө иштери гана жасалууда. Калыс Жумаканов Таластагы мал базарлар шарпка байланыштуу иштебей атат дегенге да кошулбайт:

- Таластагы базарлар, жана айтпадымбы, жөн гана клиникалык кароодон өткөрүлүп жатат. Чектөө коюлуп жатса керек. Бирок, бизде антип базар жабылды деген маалымат жок. Базарга келген малды катуу текшерүүдөн өткөрүп, эгер ветеринардык көзөмөлдөн өткөнү тууралуу документи жок болсо ал жерге малды кийирбей коюшу мүмкүн. Ал эми ырасмий жабылган базарлар жок бизде.

Калыс Жумакановдун айтымында, ар бир адам базарга малын алып чыгаардан мурда аны жергиликтүү малдоктурга көргөзүп, тийиштүү документ алышы керек. Калыс Жумаканов Баткенге шарп Тажикстандан, Таласка - Казакстандан келгенин тийиштүү адистер айтып жатканы менен коңшулар ырасмий түрдө андай кинелерди мойунга албай жатат дейт:

- Тажикстанга да, Казакстанга да, Өзбекстанга да биз «ушундай ылаң силерде барбы?» деп кайрылсак, алардан «бизде андай ылаң жок, бизде баары таза» деген ырасмий маалыматтарын беришкен.
XS
SM
MD
LG