Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

«ЖАҢЫ ОРДО» ГЕЗИТИ, ШАЙЛОО ЖЫТТАНГАН ЖЫЛ, А.АКАЕВГЕ КИМ “САТЫЛДЫ”?


Жума күнү жарыкка чыкчу кыргыз басылмаларында негизинен өткөн жылдын экономикалык жыйынтыктары, 2004-жылдын бюджетинин айрым өңүттөрү талдоого алынууда. Жаңы жылга удаалаш Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочу катары катышкан кыргыз саясатчыларынын пикирлерине да арбын орун берилген. Кыргыз басма сөзү үчүн дагы бир маанилүү жаңылык - “Жаңы ордо” гезитинин алгачкы саны жарык көрүүдө.

“Жаңы ордо” гезитинин алгачкы саны окурмандардын колуна жума күнү тийет. Басылманын башкы редактору Абдувахаб Мониев жаңы гезитте басууга даярдалып жаткан материалдар тууралуу маалымат берди:

- «Жаңы ордо» гезитинин биринчи саны чыгып жатат. Башкы редактор катары гезитке жазган баш сөзүмдө басылманын алдыдагы максаттары, алган багыты тууралуу окурмандарга түшүндүрмө берүүнү туура көрдүм. Мындан сырткары Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочу болуп барып келген парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин ал жерден алган таасирлери тууралуу маеги басууга даярдалууда. Бүгүнкү экономикалык абал, алдыда жасалчу аракеттер тууралуу “Агым” гезитинин баяндамачысы Алым Токтомушевдин гезитибизге берген маеги окурмандар үчүн кызыктуу болот го деген ойдомун.

Грузиядагы президенттик шайлоонун кандай өткөнү жума күнкү “Аалам” гезитинде да баяндалат. Басылманын башкы редакторунун орунбасары Кенжебек Арыкбаевдин айтымында, гезиттин жаңы санында мындай материалдар жарыяланат:

- Саясий тактадагы аркыл фигуралар акырындап кыймылга келип, кыбырай баштады деген пикирди камтыган «Акыйкат башкаруу жылында АКШ, КМШ алкагындагы окуялар жана Кыргызстандагы “хор”» деген материалыбыз жарыяланууда. Кирип келген жыл шайлоо жыттангансып туру. Калдайган Орусия баш болуп шайлоого чөмүлүп жатса, анын деми кантип эле сезилбесин деген ойду камтыган “Коммунисттерге салам!” деген аталыштагы материал басууга даярдалууда. БАТА коомдук бирикмесинин иши, улуттук каада-салт, адеп-ахлак темасына арналган Чолпонбек Абыкеевдин макаласы жарыяланууда. Анда кыргызмын деген атуул бул жылы улуттук ыйык дөөлөт, рух башатына кайрылыш зарылдыгы, “Манас Ордо” маданий-тарыхый комплекске барып зыярат кылуусунун зарылдыгы айтылат.

“Кыргыз руху” гезитинин жаңы жылдык санында деле Кыргызстандагы саясий-экономикалык окуялар чагылдырылат. Аны гезиттин башкы редакторунун орунбасары Калил Жамгырчиев тааныштырат:

- Депутат Өмүрбек Текебаевдин Грузиядагы президенттик шайлоонун сабактары жөнүндө маегин, журналист Мелис Кыязовдун Кыргызстандагы саясатка КМШ өлкөлөрүндө жүрүп жаткан саясий процесстердин тийгизген таасирин жана оппозициянын бүгүнкү күч-кайратын, оош-кыйыш саясатын, кемчиликтерин чагылдырган саясий макаласын, ошондой эле жазуучу, журналист Тенти Орокчиевдин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу ой жүгүртүүсүн окуй аласыздар.

“Агым” гезитинин жума күнкү санында жарыяланчу материалдар кандай темага арналып, кайсы проблемаларды козгоорун гезиттин башкы редактору Эрнис Асек уулунан уксак:

- Бул санда Ө.Текебаевдин маеги бар. Жолдошбек Зарлыкбековдун өткөн жылдын сабактарын талдоого алган баяндамасы, А.Токтомушевдин экономист А.Сарыбаев менен маегинин уландысы, Ж.Эдигеевдин Иран кайрыктары, Кубатбек Жусубалиевдин “Жакында басмачылар чыгат” каттар баяндамасы, ошондой эле Мелис Эшимкановдун “А.Акаевге ким сатылды?” макаласы жарыяланууда.
XS
SM
MD
LG