Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Орусияда боло турган президенттик шайлоого катышуучу алгачкы талапкер катталды


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 14-мартта өтө турган президенттик шайлоого катышуучу алгачкы талапкерди каттады. Ал Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын атынан көрсөтүлгөн Олег Малышкин болуп чыкты. Талапкерлердин дагы бири Николай Харитонов жакында каттоодон өтмөкчү. Аны талапкерликке көрсөткөн Коммунисттик партия декабрда Мамлекеттик Думага шайлоонун жыйынтыгы боюнча 5% чекти басып өттү. Мамлекет башчысынын кызматы үчүн ат салышкан башка 8 талапкердин ар бири, анын ичинде азыркы президент Владимир Путин да 28-январга чейин 2 миллион кол топтошу керек.

XS
SM
MD
LG