Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Ирактагы Фаллужа шаарынын жанында АКШнын аскердик тикучагы кулап түшүп, 9 киши курман болду


Бүгүн Ирактын Фаллужа шаарынан анча алыс эмес жерде АКШнын аскердик тикучагы кулап түшүп, анын ичиндеги 9 киши бири калбай курман болду. Бул туурасында америкалык аскерлердин өкүлү генерал Марк Киммит кабарлады. Анын айтымында, кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Мындан тышкары, кечээ мунапыс берилген 500 ирак туткундарынын ичинен алгачкы 100 киши бүгүн боштондукка чыгарылды. Ал эми бейшембиге караган түнү Багдаддын батышындагы америкалык базага миномет атылды. Аскерлердин бирөө каза таап, 34ү жарадар болду. АКШ армиясынын маалыматы боюнча, аскерлер уктап аткан казармага 6 мина тийип жарылган.

XS
SM
MD
LG