Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТУУРАЛУУ ДАГЫ БИР ӨЗГӨЧӨ ПИКИР


8-январда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кабай Карабеков «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбооруна байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда К. Карабеков бул мыйзам 2004-жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолорго утурлап чыгарылган саясий мыйзам деп билдирди. Депутаттын айтымында, эгер парламент мыйзамды кабыл албай койсо анын Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө терс таасири тийбейт.

Кабай Карабековдун пикири боюнча, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоору президенттик жана парламенттик шайлоолорго катышууну көздөгөн адамдарга чек коюу үчүн атайын чыгарылды. Мыйзам кабыл алынып калса ал атаандаштарды саясий кармаштан чыгаруунун табылгыс куралы болот:

- Бул мыйзам ар кандай кырдаалга карата тандалып аткарылат. Эгер тилге байланыштуу кадрдык тазалоо башталса Эмгек кодекси эч кимди коргоп кала албайт. Анткени, мыйзамда бардык мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү деп жазылган.

Кабай Карабековдун пикири боюнча, мыйзам ушул калыбында кабыл алына турган болсо коомдогу ажырымды пайда кылат:

- Мыйзам коомдогу ажырымга алып барат. Ал - долбоорду даярдагандар тилек кылгандай мамлекеттик тилди өнүктүрбөйт. Мыйзамды кызуулук менен талкуулоо жумушсуздардын баарын көчөгө алып чыгат. Алар нааразылык билдирип көчөгө чыгууга шылтоо гана издеп турушпайбы.

Кабай Карабеков мыйзамдын кабыл алынышы Кыргызстанды КМШ мамлекеттеринен оолактатууга алып келээрин белгиледи. Депутаттын пикири боюнча, бийликтин мындай саясаты Кыргызстандын Орусия менен мамилесин да салкындатат. Анткени, бул иш - адегенде орус тилине ырасмий тил статусун берип коюп, эми аны жокко чыгарууга барабар. Андан тышкары, саясий курал кылуу максаты менен гана кабыл алынган мыйзам саясатчылардын мүдөөсү аткарылгандан кийин кайра сөзсүз өзгөртүлөт.

- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн өзүнчө бир мыйзам кабыл алуу зарыл, - дейт Кабай Карабеков. - Андан тышкары мамлекеттик бюджет жөнүндө мыйзамга мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын берене киргизүү керек. Анын негизинде мамлекеттик тилди үйрөткөн адистер иш табабыз деген ишенимде, ал эми кыргыз тилинде сүйлөбөгөн мамлекеттик кызматкерлер жарым жылдын ичинде мамлекеттик тилди үйрөнөм деген ишенимде болушат. Атайын берене болсо мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча программаларды каржылап, мамлекеттик бир багытты көздөшү керек. Бир багыттуу программа иштелип чакса анан бардыгы кыргыз тилинде сүйлөй баштайт.

Ал эми мыйзам долбоорун иштеп чыккан авторлордун бири, академик Бүбүйна Орузбаева мыйзамдын жазылышында эч кандай саясат жок дейт. Анын айтымында, 1989-жылы кабыл алынган мыйзамды шартка жараша жаңыртуу максаты алдыда турду. «Кыргыз тилин билбеген жана аны үйрөнүүгө мойну жар бербеген саясатчылардын өздөрү мыйзамды саясий оюнга айландырууга аракеттенип жатышат» деген пикирде академик Бүбүйна Орузбаева:

- Бул - эч кандай саясий мыйзам эмес. Ал кыргыз элинин эне тилине мамлекеттик статусун бекитип берүү максаты менен даярдалган, турмуштук зарылчылыктан келип чыккан мыйзам. Конституциянын «кыргыз тили - мамлекеттик тил» деп турган беренесине шайкеш келтирилип, мурунку мыйзамдын анча-мынча жери жаңыртылды. Ага саясий боек сүртүүгө эч кимдин акысы жок. Орус тилин жокко чыгарууга эч ким аракет кылган жери жок.
XS
SM
MD
LG