БИШКЕК. Жакын арада Кыргызстанда электр энергиясына баалар көтөрүлбөйт, - деп билдирди бүгүн «Азаттык» радиосуна энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Уларбек Матеев. Анын айтымында, кардарлардын электр энергиясын үнөмсүз пайдалануусунан трансформаторлор иштен чыгууда. Анын кесепетинен айрым жерлерге электр берилбей, оор акыбал түзүлүүдө. Энергетика тармагындагы 2,5 млрд. сомго жакын аласанын басымдуу бөлүгү кайтарылды.