Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Жаштар партиясы дагы бир сунуш менен чыгат


БИШКЕК. 2005-жылдагы парламенттик шайлоо пропорционалдык–мажоритардык система менен өтүшү керек. Парламенттин 75 депутатынын 25и партиялык тизме боюнча шайланышы зарыл. Бул үчүн быйыл март айында референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизген ылайыктуу. Кыргызстандын жаштар партиясы ушундай мазмундагы билдирүү менен жакын арада чыкмакчы. Бул тууралуу бүгүн аталган партиядан «Азаттыкка» кабарлашты. Партиянын өкүлдөрүнүн пикиринде, Кыргызстандагы кийинки парламенттик шайлоонун мажоритардык-пропорционалдык система боюнча өтүшү өлкөдө демократиянын жана партиялык системанын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Партиялардын биригүүсүн да күчөтөт. Юстиция министрлигинен 40тан ашуун саясий партия каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG