Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Түндүк Корея Ливиянын өрнөгүн колдобойт


Бул тууралуу Пхеньянда бүгүн жарыяланган тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат. Ливиянын бийликтери өткөн жылдын этегинде массалык кыргын куралдар программасынан баш тартканын жана бул чөйрөдө эл аралык коомчулук менен кызматташканга даяр экендигин билдирген эле. Мындан бир нече күн мурда Пхеньян да эгер Кошмо Штаттарынан жардам жана коопсуздук чөйрөсүндө кепилдик алса өзүнүн атомдук программасын токтотконго даяр экенин айткан болчу. Кечээ америкалык тышкы саясий мекеменин башчысы Колин Пауэлл адегенде Пхеньян өзүнүн бул ниетин иш жүзүндө далилдеши керек, ошондон соң гана коопсуздук кепилдиги тууралуу сөз болушу мүмкүн деп билдирди.

XS
SM
MD
LG