Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Бам шаарына 73 миллион доллар жардам керек


ООН жана Кызыл Чырым уюму эл аралык коомчулукка табигый кырсыктан жапа чеккен ирандыктарга жардам көрсөтүү максатында ушунча суммада каражат топтоо чакырыгы менен кайрылды. Чогултулган акчанын баары калкка медициналык жардам көрсөтүүгө, айыл чарбасын жана мектептерди кайра тикелөөгө, башка зарыл чараларга жумшалат. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл президент Буш ирандыктарга илгиртпей көмөктөшкөнгө көрсөтмө бергенин, ага ылайык америкалыктар Бамга тийиштүү жардам жөнөткөнүн, бирок бул саясий алакалардын жакшырганын билдирбей тургандыгын кайрадан ырастады. Өткөн аптада Иран бийликтери жогорку даражалуу америкалык гуманитардык делегацияны кабыл алгандан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG