Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Партиялар жергиликтүү кеңештерге шайлоого камына башташты


БИШКЕК. «Менин өлкөм» саясий партиясы октябрь айында болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоого Бишкек шаары боюнча 20 талапкерди даярдады. Калган аймактар боюнча талапкерлер жакында аныкталат. Бул тууралуу партиянын координаторлорунун бири Галина Куликова бүгүн маалымдады. Анын айтымында, партия мындан тышкары участкалык жана округдук шайлоо комиссияларына мүчөлүккө талапкерлерди сунуштоого аракет кылууда. Ушундай эле камылгалар жүрүп жатканын «КДК» партиясынын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев да билдирди. Ал эми «Алга, Кыргызстан» партиясынын өкүлү Мелис Жунусалиевдин айтымында, партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу жагынан «Шайлоо кодексинин жаңы редакциясы жөнүндөгү» мыйзам күчүнө кирээри менен активдешээрин билдирди. «Шайлоо кодексинин жаңы редакциясы жөнүндөгү» мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан декабрь айында кабыл алынып, президентке кол коюуга сунушталган. Ага ылайык, жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын 1/3 бөлүгүн саясий партиялардын өкүлдөрү түзүшү керек.

XS
SM
MD
LG