Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жапонияга бармак болду


БИШКЕК. 16-январдан 21-январга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов баштаган делегация Жапонияга иш сапары менен барат. Аскар Айтматов Жапониянын тышкы иштер, экология, экономика жана өнөр жай министрлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушууларда Ооганстанга жана Иракка байланыштуу маселелер талкууланып, эки тараптуу кызматтыштыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болот. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Аскар Айтматов Жапониянын жетекчилигин Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал менен тааныштырып, Аскар Акаевдин быйыл Жапонияда боло турган иш сапарын даярдоо тууралуу сүйлөшүү өткөрөт.

XS
SM
MD
LG