Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Кыргызстан Индия менен Пакистандын демилгелерине тилектеш экенин билдирди


БИШКЕК. Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаи менен Пакистандын президенти Первез Мушаррафтын саясий сүйлөшүүлөрү февралда башталат. Тараптар Түштүк Азия аймактык кызматташтык ассоциациясынын XII саммитинин алкагындагы жолугушууда ушундай бүтүмгө келишти. Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан Индия менен Пакистандын бул кадамын колдой тургандыгын тастыктаган билдирүүнү таратты. Маалымат баракчасында белгиленгенге караганда, бул жолугушуу Пакистан менен Индиянын ортосундагы мамилени жакшыртып, кеңири масштабдагы сүйлөшүүлөргө түрткү берет деген үмүт бар. Кыргызстан аймактагы кызматташтыкты, коопсуздукту жана кошуналык жылуу мамилени бекемдөөгө эки мамлекеттин бул саясий кадамы олуттуу салым кошооруна ишенет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG