Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

БИР ЖЫЛДА ТАРЫХ ИЛИМИ БИР КЫЛЫМ АЛДЫГА КЕТТИБИ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Айрым тарыхчылардын пикири боюнча, былтыр Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын белгилөө менен тарых илими акыркы 50 жылда кандай изилдөөлөрдү жүргүзсө, ошого тете иш бүткөрүлдү. Ал эми мамлекет башчысынын пикири боюнча, 2003-жылы ХХ кылымда тарыхчылар аткарган ишке караганда да көп иштер жасалган. Бирок мындай пикирлер менен бардык эле тарыхчылар макул эмес.

“Акыркы 50 жыл ичинде тарых илими алгалай албаган иш бир жылда бүткөрүлдү” деген пикирди айрым аттуу-баштуу тарыхчылар жаңы жыл алдында Кыргыз улуттук телекөрсөтүүсүнөн айтып чыгышкан. Андан көп өтпөй мамлекет башчысы Аскар Акаев «түз эфир» аркылуу өлкө атуулдарынын суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз тарыхчыларынын ыкшоолугунан, этияттануусунан улам мамлекеттүүлүк тууралуу жаңы көз караштагы илимий эмгектер жазылбай келгенин белгилеп, ошол үчүн тарыхты жазууга өзү киришкенин айтты.

- Мен биздин тарыхчыларга кайрылдым, - деди Аскар Акаев эл менен КТР аркылуу «түз эфирдеги» баарлашуусунда. - «Ушул биздин байыркы кыргыз калкынын тарыхын, биздин кыргыз мамлекеттигинин салттарын жазбайсыздарбы» дедим. Жылдар ѳттү, бирок эмнегедир биздин тарыхчылар ушуга чечкиндүү бара алган жок. Ошондуктан мен ѳзүм отуруп жазууга туура келди. Мен эски жазуулардын баарын кѳтѳрүп чыгып, ѳзүм жазып чыктым. Мен жазып чыккандан кийин тарыхчылар үчүн, менимче, дарбаза ачылгандай болду. Мына баягүнү тарыхчылар теледе айтып отурат, «быйыл биз 50 жылда жасабаган ишти жасадык» деп. Менимче, XX кылымда жасалбаган ишти биз бир жылда жасап, биздин тарыхчылар кѳп “ак барактарын” азыр толтуруп коюшту.

Бирок Аскар Акаевдин мындай пикири менен көпчүлүк тарыхчылар макул эмес. Өмүр бою Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунда эмгектенип, учурда эс алууга чыккан окумуштуу, тарых илимининин кандидаты Айтбек Жаманкараев президенттин пикирин жөн гана мактаныч сөз катары кабылдаарын билдирди.

- Эми бул жѳн эле сѳз го, - деди Айтбек Жаманкараев. - Кѳңүл бурулбаса дагы тарыхты жазып атышкан. Ѳзүн эле мактаныч катарында айтып койду го дейм, президент. Бир жылда кантип жазылат? Менин оюмча, анын айтканы мактаныч катарында айтылып кеткен жалпы сѳз. Президент айтып жүрѳт го “ушундай-ушундай кылдык” деп. Бирок иш жүзүнѳ келгенде андай эмес.

Ал эми 1953-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн, Тоң районунун 75 жаштагы тургуну Малик Умар уулу “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө эл арасында тарыхка карата кызыгууну арттырды” дейт:

- Албетте, “мындан 2200 жыл мурда мамлекет болгон экен” деген белгилѳѳнү эл туура эле кабыл алды. Билген кишилер “аа, мындан мурда эл, мамлекет болгон экен” деген ой-пикирде калышты.

Чындыгында 2200 жылдыкты белгилөө менен өлкөдө бир нече илимий эмгектер жарык көрдү. Тарых илимине карата мамиле бир топ жакшырды. Ошентсе да, Кыргыз улуттук университеттин кафедра башчысы, профессор Жаныбек Жакыпбековдун айтымында, жарык көргөн эмгектердин бардыгын эле “мыкты жазылыптыр” деп атоого болбойт. «Тарых илиминен анчалык түшүнүгү жок туруп, тарыхка ачылыш жасадым дегендер да болду», - дейт Ж. Жакыпбеков.

- Тарых илими башка илимдердей эле. Мурда изилденбеген маселе боюнча канчалык кѳп китеп чыкса, окумуштуулар канчалык кѳп изилдесе, белгисиз болгон нерселердин бардыгын тең тарых илиминде аныктап, ачып берсе - мунун эч кандай жаманы жок. Бирок ошого карабастан, чыккан китептердин баарын бир беткей эле, бир кылка эле “баары тең жакшы, баары илимий деңгээлде жакшы жазылган” деп айта албайбыз. Адегенде тарых илими эмне экендигин түшүнүп алсак дурус болоор эле. Тарых илиминен эч түшүнүгү жок адамдар эле отуруп алып, тияктан-бияктан окуп, анан “менин айтканым туура” деп эле, кээде шилтеме берип, кээде шилтеме бербей эле, дүйнѳдѳгү элдин баарын кыргыз кылып, оюна келгендин баарын аралаштырып жаза берсе эле илим болуп калбайт. Муну менен илимди бузат, - дейт Ж. Жакыпбеков.

Жогоруда айтылган ар кыл пикирлердин өзү эле “бир жыл ичинде тарых илиминде 50 жылда, же бир кылымда изилденбеген маселелер чечилип, жазылбай келген тарых толук жазылды” деген көз караштарды анчалык бышыктай бербейт. Ошондой эле, ХХ кылымга чейинки кыргыз тарыхы менен алпурушуп жатышкан жаш тарыхчы-окумуштуулардан сурамжылай келгенде алар бир ооздон өз темасына байланыштуу архивдик булактар, кол жазмалар, адабияттар өлкө сыртында сакталаарын, алар менен иштеш үчүн мамлекет тарабынан эч кандай каражат каралбаганын айтышты. Демек, чет мамлекеттердеги тарыхый булактарды азыркы учурдун талабына ылайык пайдаланбай туруп, “50 жыл бою жазылып келген тарыхка тете иш бир жылда аткарылды” деген пикирди бир катар жаш окумуштуулар да туура көрбөйт.
XS
SM
MD
LG