Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

САДДАМ ХУСЕЙИН СОГУШ ТУТКУНУ ДЕП ЖАРЫЯЛАНДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары http://gdb.rferl.org/73EDDA59-B578-44CC-B20C-2FC84A2875BE_w203.jpg Америка Кошмо Штаттары 13-декабрда колго түшкөн Саддам Хусейинге "согуш туткуну" макамын берди. Пентагондун кечээ (жума күнү) тараткан билдирүүсүнөн кийин Эл Аралык Кызыл Чырым Уюму мурдагы президентти мүмкүн болушунча тез арада көрүүгө ынтызар экенин билдирди.

Эл Аралык Кызыл Чырым уюмунун Вашингтондогу жооптуу өкүлү Кристоф Гирод АКШнын бийликтери уюмдун өкүлдөрүн Саддам менен жакынкы бир нече күндөрдүн же жумалардын ичинде жолуктура турганына ишенимин билдирди:

- Биз Саддамдын ал-ахвалы менен жакын арада таанышсак жакшы болоор эле, бирок Женева Конвенциясында мындай жолугушуунун так мөөнөтү көрсөтүлбөгөн.

Пентагондун Саддам Хусейиндин расмий макамы жөнүндө тараткан алгачкы билдирүүсүндө Ирактын мурдагы диктатору, 66 жаштагы Саддам Хусейин Женева Конвенциясында бекитилген cогуш туткундарынын укуктарынын баарына ээ боло тургандыгы айтылат. Пентагондун өкүлү Лоренц Ди Ританын айтымында, мындай аныктама Пентагондун адвокаттары тарабынан кабыл алынды жана бул жөнүндө Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд да кабардар кылынды.

Женева Конвенциясы боюнча, Кызыл Чырым Уюму ар бир согуш туткунунун ал-ахвалы менен таанышканга укуктуу. Ошондой эле уюм туткундар уруп-сабоо, коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып, же эл алдында мазакталган учурларды териштирип, андай мыйзам бузууларга бөгөт койгонго милдеттүү. Конвенция боюнча, согуш туткундарынын тамактануусу санитардык нормаларга төп келип, алардын сөз эркиндиги менен дин тутуу эркиндиги урматталууга тийиш. Туткундаган тарап согуш туткундарына, алардын туткунга түшөөрдүн алдында ээлеген кызматы менен чининине жараша, ай сайын жөлөк пул төлөп турганга милдеттүү.

Пентагондун өкүлү, АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн офицери Майкл Чейверс Саддам Хусейинге Конвенцияда каралган баардык шарттар түзүлгөндүгүн кабарлады:

- Саддам Хусейин режимдин аскердик күчтөрүнүн башкы командачысы болгон. Бул аны согуш туткуну кылууда.

Майкл Чейверс Саддамга бул макам кылдат ойлонулуп туруп, ыйгарылгандыгын билдирет. Бирок Пентагондун башка жооптуу өкүлү Лоренц Ди Рита АКШ Саддамдын азыркы алган макамын келечекте өзгөртүүсү ажеп эмес экенине да ишаара кылды.

Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейин 13-декабрда Тикриттен алыс эмес жайда жертөлөдөгү атайын казылган чуңкурдан колго түшүрүлгөн. Азыр ал Иракта жашыруун бир жерде кармалып, суракка алынууда. АКШнын коопсуздук кызматынын беймаалым калууну каалаган бир өкүлү: - Саддам сурактарда али сөзмөрдүгүн көрсөткөн жок, сүйлөсө да бизди кызыктырган темаларды кыйгап өтүп жатат, - деп айткан.

«Хьюман Райтс Уотч» укук коргоо уюмунун өкүлү Жеймс Росс, мыйзам боюнча, Саддам Хусейин аты-жөнү, туулуп өскөн жана жашаган жери, ошондой эле, документтери жөнүндө маалымат бергенге милдеттүү экенин, бирок бул жагдай ага башка суроолорду бергенге бөгөт болбой турганын айтат. Ошону менен бирге, эле укук коргоочу керектүү маалымат алуу үчүн тергөөчүлөр Саддамга күч колдонууга же аны коркутуп-үркүтүүгө таптакыр укугу жок экенин кошумчалайт.

Ал эми «Эмнести Интернешнл» уюму Женева Конвенциясы боюнча, АКШ туткундарды Иракта зордукчул аракеттер басылганга чейин кармоого укуктуу экенин маалымдайт.

- Бирок бул маселени АКШ баары бир өзү туура көргөндөй интерпретациялашы ажеп эмес... Андан сырткары, Женева Конвенциясы согуш туткунунун согушта кылган кылмыштары жана геноцид үчүн сотто жоопко тартылуусуна бөгөт боло албайт, - деп кошумчалайт укук коргоо уюмунун өкүлү. АКШ Иракта, баары болуп, 13 миң кишини туткунга алган.

Саддамга «согуш туткуну» деген макамдын берилишин Ирактын азыркы жетекчилиги нааразы болуу менен каршы алды. Ирактын Убактылуу Башкаруучу Кеңешинин өкүлү, өлкөнүн апелляциялык сотунун мурдагы башчысы Дара Нур ад-Дин өлкөнүн азыркы жетекчилиги Саддамды мурдагыдай эле кылмышкер деп эcептээрин жана ал өз элине каршы кылмыш кылгандыгы үчүн сот жообуна тартылуусу керек экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG