Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:14

КЫЗЫКТУУЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ


Кээ бир өлкөлөрдө жылдын эң мыкты адамын аныктоо салты бар эмеспи. Гонконгдун өкмөттүк радиосу кабарлагандай, “Жылдын кейипкери” деп дээрлик эки айдан бери жергиликтүү элдин бүйүрүн кызытып келаткан крокодил таанылды. Гонконгдун чет жакасында пайда болгон чоңдугу 1 жарым метрге жеткен крокодилди кармоого австралиялык аңчы чакырылганын биз дагы маалымдаган элек. Бирок крокодилди колго түшүрүү аракетинен майнап чыкпай келатат. Жергиликтүү тургундар өкмөттүк радионун тандоосун кубаттап, крокодил - эркиндиктин символу, ошондуктан Гонконгдо жүрөт дешүүдө.

Интернет аркылуу таанышып, баш кошуу модага айланып баратат. Албетте, компьютердин жардамы менен мамиле түзүүдө ар кандай күлкүлүү окуялар да арбын болот. Мисалы, Кытайдын Гуанчжун провинциясынын эки тургуну өз жаштарын кичирейтип көрсөтүшкөн. Акырында, иш жолугушууга жеткенде, алар балдарын жиберүүнү чечишет. Ошентип, өзүн 48демин деп тааныштырган аял 68де экени белгилүү болот, ал эми 51демин деген эркек, иш жүзүндө, 71 жаштагы карыя болуп чыгат. Буга карабай, “жаштар” бир айдан кийин баш кошууну чечишти.

Сингапурдун эмгек министрлиги чет өлкөлөрдөн келип үй кызматкерлери болуп жалданып иштеген кыз-келиндерге алардын укуктарын түшүндүрүү максатында атайын курстарды уюштурууда. Сингапурдагы 140 миңдей үй кызматкерлеринин көбү Индонезия, Филиппин, Шри-Ланка өңдүү өлкөлөрдөн келген бозгундар. Министр Энг Хендин ырастоосунда, үй кызматкерлери мисалы көп кабаттуу имараттардын терезелеринен баш тартууга акылуу.
Ал эми кожоюн ошондой ишти аткарууга милдеттендирген учурлар болсо, министрликтин атайын телефонуна чалып, даттанса болот.
1999-жылдан былтыркы июнга чейин 99 кызматчы аял бийик имараттардан кулап набыт болгон. Мындай кайгылуу статистика өкмөттү катуу ойлондурган өңдөнөт.

АКШнын Детройт калаасында кезектеги автокөргөзмө ачылды. Париж, Женева же Франкфурт автосалондорунан айырмаланып, бул иш-чара анчалык мааниге ээ болбой калган. Ага көбүнесе жергиликтүү ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышат.
Ушу тапта Американын авто өнөр жайы жапониялык жана европалык атаандаштарына туруштук берүү менен алек. Бир кездери АКШда сатылган машиналардын 90 пайызы Детройттогу ишканаларда жасалчу. Азыр болсо жергиликтүү автоөндүрүүчүлөр Жапониянын “Тойота” компаниясынын көлөкөсүндө калат деген коркунуч пайда болду.
Көргөзмөдө АКШнын “Крайслер” фирмасы жип түрүндөгү жаңы машинасын тартуулайт. Анын аталышы “Рескью” же “Куткаруу”. Ким билет, балким мындай символикалык аталыш Американын авто өнөр жайын чындап эле куткарып калаар.

Рим папасы Иоанн Павел Экинчинин таат-ибадаттарын Ватиканга барбастан угуп тургуңуз келеби? Эмесе, Улуу Британиянын чөнтөк телефон фирмасы мындай мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө даяр. Жакында жергиликтүү “Акотел” фирмасы менен Ватикан понтификтин сөздөрүн, кайрылууларын, ой-толгоолорун элге чөнтөк телефондору аркылуу жеткирип турууга макулдашты.
Ватикандын айтымында, бул кызмат динине карабай, бардык элдерге сунуш этилет. Буга чейин мындай жаңы ыкма Италия менен Ирландияда киргизилген.

Махабаттын күчүнө ишенесизби? Мароккодо жакында болгон окуя сүйүктүүсүн өмүр бою күтүүгө даяр кишилер бул дүйнөдө дагы деле бар экенин далилдеди. Тагдырдын буйругу менен согуш туткуну катары лагерде кармалып келген Абдурахим аттуу киши, мекенине кайтып келип аны 24 жыл күтүп жүргөн сүйлөшкөн айымы Бахия менен баш кошту. Жаш жубайлар жергиликтуу сыналгыга интервью берип, жылдар бою бул жолугушууга үмүттөнүп жүрүшкөнүн айтышты.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG