Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:12

АКШ жетекчилиги Саддам Хусейнди “согуш туткуну” деп тааныды


АКШ өкмөтүнүн Саддам Хусейнди "согуш туткуну" деп атаганына Ирактын жаңы жетекчилери өз нааразылыгын билдирүүдө. Алардын айтымында, Саддам "аскерий кылмышкер" деп гана таанылууга тийиш жана ага ошого жараша мамиле жасалыш керек. Пентагондун басма сөз катчысы Майкл Шейвердин айтымында, Саддам Ирактын аскерий күчтөрүнүн жогорку башчысы болчу, ошондуктан Женева конвенциясы боюнча ал "согуш туткуну" деп таанылды, бирок "аскерий кылмышкер" катары да соттолушу мүмкүн. Эл аралык кызыл чырым уюму Саддам менен жолугууга өз өкүлдөрүн жиберүүгө даярданууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG