Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Өзбекстан өз аймагынан өткөн кыргызстандык автоунаалардан алынчу жол акыны көбөйттү


БАТКЕН. Автобус айдоочулардын айтымында, 9-январдан тартып Өзбекстан өз аймагынан өткөн чет элдик автобустардын ар биринен 300 доллардан алуу тууралуу жаңы тартип киргизген. Ошондон улам Сүлүктү шаарынан жана Лейлек районунан Ташкен аркылуу Бишкекке каттаган автобустардын баасы 300 сомго кымбаттады. Мурда бир жүргүнчүдөн 500 сом жол кире алса, эми ал 800 сомго көтөрүлдү. Жаңы режимге ылайык бул автобустар бир барып келгени үчүн Өзбекстанга 600 доллар төлөөгө тийиш. Ишемби күнү Баткендин мектеп окуучуларын республикалык олимпиадага Бишкекке алып жөнөмөкчү болгон автобус түшкө чейин кармалып турду. Облустук бийликтин өкүлдөрү Кыргызстандын Ташкендеги элчиги менен байланышып, Өзбекстан өкмөтүнүн буйругу чыкканын, ага ылайык чын эле ушундай тартип киргизилгенин тактагандан кийин гана мектеп окуучуларын Бишкекке алып бараткан автобус жолго чыкты. Бул тууралуу маалымат ушул эле күнү облустук акимчиликтин уюштуруу бөлүмүнөн алынды.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты

Редактор – Кубат Оторбаев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG