Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Катуу жер титирөөдөн жабыркаган Иран Кыргызстанга гуманитардык жардам берди


БИШКЕК. Жума күнү Бишкекке Иран Ислам Республикасынан жалпы суммасы 45 миң долларлык гуманитардык жардам жеткирилди. Мындай иш-чара Ирандын Кызыл жарым ай коому менен Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун ортосундагы эки тараптуу макулдашууга ылайык аткарылды. Гуманитардык жардам 4 тонна күрүчтөн, 2 тонна өсүмдүк майынан, 3 тонна канттан, 4 тонна ундан, 500 даана жылуу төшөктөн жана 30 даана чатырдан турат. Ирандан келген жардам Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому тарабынан турмушу начар адамдарга таратылат. Бул тууралуу маалымат бүгүн Кызыл жарым ай коомунан алынды.

XS
SM
MD
LG