БИШКЕК. Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков 2005-жылдагы президенттик шайлоого ат салышат. Бул тууралуу Ишенбай Кадырбеков өзү «Азаттык» радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. Бирок Кыргызстан коммунисттер партиясынын атынанбы же башкача жол менен шайлоого катышабы – аны И. Кадырбеков так айткан жок.
2005-жылы өткөнү жаткан президенттик шайлоого катышаарын буга чейин мурдагы өкмөт башчы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев жана «Арнамыс» партиясынын абакта жаткан төрагасы Феликс Кулов жарыялашкан.