Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

КАЗАКСТАН МЕНЕН ОРУСИЯ. БУШ МЕНЕН ПУТИН. КАНТТАГЫ АСКЕР БАЗАСЫ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Жаңы жылдын биринчи аптасында орусиялык гезиттер эларалык жаңылыктарга жана жазында боло турган президенттик шайлоого карата макалаларга негизги орунду беришти.

Аяктап бараткан аптанын экинчи жарымында гана орусиялык гезиттер кадимки иш тартибине киришишти. Гезит беттеринде орун алган президент В.Путиндин Казакстанга болгон расмий сапары, президенттик шайлоого карата талапкерлерди каттоо жана Борбордук Азияга тиешелүү жаңылыктар талкуунун негизги өзөгүн түзүштү.

«Известия» менен «Коммерсант» акыркы жылдарда Орусия жана Казакстан ортосунда түзүлүп келген ар-тараптуу кызматташтыкка назар салып, эки жумурияттын мамлекет башчыларынын бул жолку жолугушуусу кандай өзгөртүүлөрдү бере тургандыгына токтолушат.

«Коммерсант» жума күнү жазгандай, акыркы жылдардагы Казакстандын экономикасында байкалып жаткан кубаттуулук орусиялыктарды кооптондуруп жаткандыгы байкалууда. «Казакстандын Батышка карай багыт алган аракеттери, энергетикалык кызматташууда орусиялык эмес, америкалык, британиялык компанияларга мүмкүнчүлүк бериши, казак жериндеги орус тилдүү калктын укугунун кемсинтилүүсү Путин менен Назарбаев ортосунда жеңил эмес маек болоорун айгинелейт» деп жазат гезит.

Ал эми ишемби күнү, сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүндө, бул өңдүү кооптонуу белгиси бир аз басаңдап, Байкоңур космодромун убактылуу иштетүү боюнча келишимдин мөөнөтүн 2050-жылга чейин узартууда жана орусиялык ЛУКОЙЛ менен казакстандык «Казмунайгаз» ортосунда биргеликте кызматташуу боюнча жаңы документти кабыл алууда жетишилген ийгиликтер тууралуу айтылды.

Казакстан экономикасындагы өсүш жана ага карата Орусиянын кооптонуулары тууралуу «Новое время» журналы да көлөмдүү макаласын басты.

«Известия» гезити, өз кезегинде, Орусия жана АКШ өңдүү дүйнөдөгү эки ири мамлекетте алардын ушул жылы болуучу негизги саясий окуя – президенттик шайлоолор алдындагы абалына назар салууга чакырат. Макала автору Федор Бурлацкийдин баамында, АКШнын президенти Жорж Буш менен Орусия президенти Владимир Путиндин ортосунда айырмадан көрө окшоштуктар көбүрөөк болуп чыгыптыр. «Эгерде Буш чоң саясат сахнасына атасынын мураскору катары келген болсо, Путин буга чейинки орус президенти Б.Ельциндин ишенимдүү адамы болуп келди, эгерде Буш жаштайынан эле «Борбордук чалгындоо башкармасынын» сыйкырдуу чөйрөсүндө өскөн болсо, Путинге өспүрүм курагынан эле чалгынчылык кылуу милдети жүктөлдү. Путиндин мамлекет башчылыгы учуруна чечен согушун токтотуу машакаты туш келсе, Буштун президенттигинде ирак чатагын чечүүдө ага тагылган жоопкерчилик бул эки президенттин лидер катарында калыптанышына өзгөчө мөөрүн басты», - деп жазуу менен бирге, «Известия» Орусияда ушул жылдын башында, ал эми АКШда жыл этегинде өтүүчү президенттик шайлоолордо эки саясатчынын кимиси жеңишке жетишүүсү мүмкүн экендигине кызыгат.

«Путиндин өлкө ичиндеги жогору рейтингин эске алып, анын жеңиши тууралуу күмөн санабай эле койсо болот. Ошол эле учурда жакында Саддам Хусейндин кармалышы Ж.Буш үчүн акыркы мезгилдерде кооптонууну жараткан калк ишениминин басаңдаш ыктымалын жокко чыгарды. Демек, бул эки мамлекет башчылары алдыдагы дагы бир президенттик мөнөткө кеңири ишеним менен кадам таштай алышат», - деген бүтүмгө келди журналист Федор Бурлацкий.

Борбордук Азия жаңылыктары бул жолу да, биринчи кезекте, аскерий жана экономикалык маселелердин чегинен чыккан жок. «Красная звезда» гезити Кыргызстандын Коргоо министрлиги Канттагы орусиялык авиабазада кызмат өтөп жатышкандарга сыйлыктарды тапшыргандыгы тууралуу айтса, «Граница России» басылмасы тажик жергесиндеги орусиялык аскерлердин турмушунда орун алып жаткан негизги окуяларга кайрылат.
XS
SM
MD
LG