Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

ПАРТИЯЛАР «ПАРАДЫ», УЛУТТУК АВИАКОМПАНИЯНЫН АБАЛЫ, ЖАРАКСЫЗ ТИЛГЕ ЖАКЫНДАГАН КЫРГЫЗ ТИЛИ


Өткөн жылдын соңунда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны мамлекеттик тил мыйзамынын долбоорун талкуулоону уланта баштаган. Жаңы мыйзамды саясий чайкоочулукка айландырып жибергендер да болуп, ушу тапта кыргыз тили боюнча мыйзам долбооруна карата парламентте эки анжы ой пайда болду. Ошондон улам басылмаларда мамлекеттик тил маселесине арналган ой-пикирлер арбын жарыяланууда. Мындан тышкары, орто билим жөнүндө мыйзамга, Кыргызстандын экономикалык багыттарына, улуттук авиакомпаниянын абалына арналган материалдар да чыкты.

«Кыргыз тили ушунчалык эле жараксыз тилби?» деп суроо коет кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев апта соңундагы “Бишкек таймс” гезитинде жарыяланган макаласында. “Рух байлыгын чогулткандын ордуна, аны унутуп, дүнүйөкордукка ооп кеткен эл бирди көрөт”, дейт макала автору. Кепти Бексултан аганын өзүнө берсек.

- Элди жоготуп коюунун эң эле оңой жолу бар. Ал – тилди жоюп салуу. Тилди иштетпей салуу. Эгерде тилибизди иштетпей салсак, анда тилибиз өчөт. Анда деле кыргыздар, кыргыз улутундагы кишилер жүрүшүбүз мүмкүн. Орустун арасында, кытайдын арасында, өзбектин, казактын арасында. Арабыздан мыкты миллионерлер, байлар да чыгып кетиши мүмкүн. Бирок, улут болбогону менен, алардын турмушу мыкты болсо да эл эл болбой калат.

«Бишкек таймс» гезитинде Бахтияр Шаматовдун кулсатык менен шугулданып келгендер кантип 7 кыргызстандыкты Украинага алып барып пулдап жибергенин маалымдаган макаласына да орун берилген. Алыс жерде ит көрбөгөн азаптарды башынан кечирген момундарга кайрылып, макала автору мындай кеңешин берет: “Чет жердин жарыгын, жыргалын эңсегендер толтура. Далай шорлогондор дагы эле чыга берет. Он класс билимиң барбы эй, окуганды билесиңби, тилиң барбы, мээң таптакыр агып түшүп калалекпи, аяк-биякты кара, ойлон, «жети өлчөп туруп анан бир кес» деген ата-бабалар”.

Улуттук авиакомпаниянын абалы жылдан-жылга төмөндөп баратканына апта соңундагы “Заман Кыргызстан” гезити токтолгон. Ушу тапта “Кыргызстан аба жолдоруна” тийиштүү учактардын жетөөсү гана асманга көтөрүлүүдө. Компаниянын жетекчисинин айтымында, 2004-жылы 2–3 «Боинг» учактарын сатып алуу болжолдонууда. Гезиттин ырастоосуна караганда, улуттук авиакомпаниянын 8 млн. доллар карызы бар. Эскилиги жеткен учактардын “аргасыз конууга мажбур болгон же өз убагында сапарын улай албаган учурлары кездешүүдө”.

“В конце недели” апталыгында жарыяланган маегинде вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев чакан өлкө базар-нарк мамилесин жетик өздөштүрө албаса, жашоосу кыйын болооруна токтолгон. Анын айтымында, мамлекеттик казынага түшүп аткан салыктардын 80% жакынын саналуу гана өндүрүшчүлөр төлөйт. Салыктын оордугунан алардын өнүгүшүнө оорчулук түзүлүп, арзан патент менен иштеген тейлөө кызматы салык төлөбөй эле жашап келатат. Казакстан аркылуу жүк ташып өтүү тоскоолдоруна токтолгон Ж. Оторбаев мурда аныкталган тарифтердин азайышы ириде казак ишкерлеринин бул жерде иштешине каршылык келтирип атканына токтолуп, республикага инвестициянын келишине жаңы жылдан тартып ыңгайлуу шарт түзүлөөрүн белгилеген.

Ушул эле гезитте партия жетекчилеринин өзгөрүлгөн шартка карата аткара турган иштери тууралуу пикирлери «Партогенез»: максатты каражат аныктайбы?» деген топтомдо жарыяланган. Партиялардын өкүлдөрүнүн пикири боюнча, борборчул деген партиялар баш кошушу керек. 43 партиянын ичинен кимиси орточул, кимиси солчул, кимиси оңчул экенин аныктоо кыйын.

Президент А.Акаевдин улуттук телекөрсөтүү аркылуу эл менен баарлашуусу, анын кийинки күндөрдө чыгарган жарлыктары “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо” гезиттеринде жарыяланды. “Вечерний Бишкек” гезити мамлекет башчысынын кийинки жарлыктарынын маани-мазмунун баяндаган макалаларга орун берди.
XS
SM
MD
LG