Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

КЫРГЫЗСТАНДАН ТҮШТҮК КОРЕЯГА ИШ ИЗДЕП БАРЧУЛАР КӨП


Чолпон Орозобекова, Бишкек Акча табыш амалында чет мамлекеттерге өз алдынча жөнөгөн жумушсуздардын агымы тыйыла элек. Мамлекет тарабынан жакшы көзөмөлдүн жоктугунан ортомчу фирмаларга алданып, чет мамлекеттерде кордук көрүп жүргөн кыргызстандыктардын да саны бир кыйла. Учурда Бишкектеги «Эльдорадо» жеке фирмасы өкмөттүн уруксаты менен Түштүк Кореяга жумушчуларды топтоп атат.

Сеул шаарындагы Балык кармоо кооперативдеринин улуттук федерациясы менен «Эльдорадо» фирмасынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде быйыл Кыргызстандан 100 атуул Түштүк Кореяга жөнөйт. Кореяга барып иштеп келүүнү каалагандардан «Эльдорадо» фирмасы азыр арыздарды кабыл алууда. Фирманын кызматкери Анна Линин айтымында, жумушчулар 3 жылга кетишет.

- Негизи алар деңиздеги чоң-чоң кемелерде балык кармашат. Биринчи жылы өндүрүш боюнча үйрөнчүк катары кетишет. Андан кийинки эки жылда кадимкидей келишим менен иштешет. Албетте, бул жумушка жалаң эркектер алынат. Бирок баары эмес, 20 жаштан 40 жашка чейинки, алдуу-күчтүү, ден соолугу жакшы, бою 1,65тен жогору, соттолбогон атуул болуш керек. Ал эми билиминин мааниси жок, 9 класстык билими болсо да жарайт.

Азырынча 75 кишинин документтери Түштүк Кореянын Юстиция министрлигине жиберилмекчи. Ал жактан тандалып алынган 50 кишиге дароо чакыруу келет. Андан кийин калган 50 кишини топтоо иштери башталмакчы. «Эльдорадо» фирмасынан чыгып келаткан адамдарды сөзгө тартканыбызда көбү ойлонуп көрөөрүн, Түштүк Кореяга барып иштеп келүүнү каалаганы менен, кендирди кескен айрым жагдайлардын бар экенин айтышты. Мисалы, Түштүк Кореяга барууга ниеттенген Кылычтын жубайы Айнура мындай дейт:

- Менин күйөөм 3 жылдан бери жумуш таппайт, кыйналдык. “Эмне болсо да ушул жакка бир иштеп келейин” деген. Бирок ал үчүн 1500 доллар керек тура. Андай чоң акчабыз болсо ушинтип жүрөт белек, бир жерге орношуп албайт белек!?

Чынында эле Түштүк Кореяга барып балык кармап иштеш үчүн колуңда 1500 долларың болуш керек. Анна Линин айтымында, бул каражат корей тилин окутуучу 10 күндүк курска, жол чыгымдарына, документтерди толтурганга сарпталат.

Албетте, буга чейин чет мамлекетте жакшы жумуш убада кылган жарыялардан элдин көңүлү калган. Көп учурларда бул жактагы таттуу убадалар ал жакка барганда турмушка ашпай калат. «Эльдорадо» фирмасынын кызматкерлери бул иш-чаралар өкмөт аралык келишимдин негизинде жүрүп жаткандыктан, убадалар өз орду менен аткарылаарын ырасташууда. Калкты иш менен камсыз кылуу боюнча республикалык департаменттин башчысы Канышай Саякбаева өкмөттүн көзөмөлү менен чынында эле ушундай иш-чара жасалып жатканын ырастады. Кореяга жумушчуларды жөнөтүүнү Тышкы иштер министрлигинин миграция боюнча мамлекеттик департаменти көзөмөлдөп жатыптыр.

Кореяга балык кармап иштеп келчүлөр үчүн келишим боюнча жатакана жана тамак-аш бекер болот. Ал эми бир айда таба тургандары - 580-600 доллар. Корея тарап эмнегедир Кыргызстандан эркектерди гана жумушка алууга кызыкдар экен. Мунун себебин «Эльдорадо» фирмасынын кызматкери Анна Ли мындай түшүндүрдү:

- Алар көбүнчө жалаң эркектерди гана талап кылышууда. Жадагалса балык кармоо кооперативдеринен келген ырасмий катта да ачык жазылган. «Силердин кыз-келиндериңер абдан татынакай, келишим менен келген күндө да башка тармактарга иштеп кетиши ыктымал» деп жазышты. Эми эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүнүп жаткандырсыз...

Азырынча Кореяга жөнөтүлчү тизме толуктала элек. Ал жакта кимдир-бирөө иштеп атып ооруп калса, чакырган тараптын эсебинен дарыланат. Бирок балык кармабай, жээкте жүргөндө ичимдик ичип, бирөө менен мушташып жаракат алса, анда бардык күтүүсүз чыгымдарды жумушчу өзү көтөрөт.
XS
SM
MD
LG