Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ: «ОЙЛОП КӨРСӨМ, МЕН БИР ЭЛЕ КИТЕПТИ, ЗАМАН ТУУРАЛУУ КИТЕП ЖАЗЫПМЫН»


Кыргыз элинин тарыхындагы ары кайгылуу, карама-каршылыктуу оор учурлар кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч”, “Баскын”, “Чапкын”, “Келкел” романдарында бийик көркөмдүктө сүрөттөлгөн. Жазуучу мурда жарыяланган романдарын коммунисттик цензура тушунда кирбей калган айрым эпизоддорду кошуп, кайра жаңылап жазып чыкты. Көркөм сөздүн айтылуу чебери «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросуна кенен маек куруп берди.

- Төлөгөн аба, оболу чыгармачылыгыңыз тууралуу айтсаңыз. “Жаңы романды бүттүм” деп атасыз, романыңыз эмне жөнүндө? Бул окурмандарга мурда убада кылган үчилтиктин жыйынтыктоочу бөлүгү болот окшойт.

- Эми чыгармачылык деген чынында ыйык нерсе экен. Ар бир адамга ошондой илхам, ык, шарт дегендердин баары канынан дейбизби, тегинен дейбизби, иши кылып, көп окугандан деле эмес, ошол жактан келет окшойт. Мен бала кезимде орто мектепте окуганымда да так илимдерди – математика, эсеп-кысап жагын өздөштүрө албасымды билгем. Жалаң эле адабият – мына ушул жагы мени бала кезимен кызыктырган. Бала кезимде эле дубал газета деп койчубуз го, ошол дубал газетаны өзүм чыгарчумун. Ыр жазчумун.

Анан окууга келдим. Окууга келгенден кийин оюн, тамаша кылуу же жөн кызыгуу эмес, бул менин турмушума жан багуунун да бир жолу болуп кетти. Өзүбүз жетим болсок, окууга келсек, стипендияга жетебиз – жетпей калабыз. Бирден аңгеме жазып койсом, балдар журналы бар эле а кезде, ошого чыгып, ал бир жылдагы оокатыма жарачу. Бул ошентип адамдын жашоо жагына да кирип кетет экен. Анан да, бул нерсе өөрчүйт. Фольклорду - «Манасты», «Курманбекти», «Олжобай менен Кишимжанды», «Саринжи-Бөкөйдү» билебиз го. Кийин адабият деген эмне экенин орусчаны үйрөнгөндөн кийин жакшы биле баштайсың. А мен өзбекче, казакчаны оригиналынан окуй берем, анан чоң адабиятка киресиң. Чоң адабияттын өзүнүн бийиктиги, талабы, зарылчылыгы болот экен. Анын таасири, карыштоосу аябай бийик болот. Анан ошого да жанды үрөп киришесиң.

Ошондо да өзүңдө бир угут, данек болмоюнча аны деле өздөштүрө албайсың. Аны аңдагандан кийин “жазуучу өз жолун табыш керек” деген маселе коюлат да. Бирөө кара сөз жазып атыры, бирөө ыр менен бир нерселерди тизмектеп атыры. Бирок ошонун ичинде “Жазыла элек эмне бар эми?» деген суроо туулат өзүнөн-өзү.


- Кыязы, Төлөгөн аба, ошол ой сизди тарыхый романдарды жазууга дилгир кылса керек да?

- Ие, карап турсам, бу кыргыз адабиятында тарых темасынан эч нерсе жазылбаптыр го. Жалгыз «Кандуу жылдар» бар экен, аны да убагында тебелеп-тепсеп, тыюу салып коюшкан. Бирок, эми тарых темасын мынабу Кавказ элдеринде кантип жазып жатышат, биздин Орто Азияда, өзбек менен казакта кантип жазып атат, же болбосо орус адабиятында тарых темасы кантип жазылып атат, мисалы, айталы, эки Толстой. Мына ушуларды изилдөөгө туура келди мага. Мен ойлоп көрсөм тарых темасы биздин адабиятта жокко эсе экен.

Ие, анча-мынча болгондорун жанагинтип тарых темасынан «тумшугун кайрып» койгон экен. Бу «тумшук кайрылыштын» өзү да жазуучунун жетилбегендигинен улам болот экен. Эгер жазуучу жетилип кала турган болсо, ошол тарых темасыбы, сүйүү темасыбы - көтөрүп алып кеталат. Тарых теманы биринчи баштаганда «мен ушуну көтөрүп кетсем – көтөрүп кеттим, көтөрүп кетпесем менден кийинки таланттуу, менден кийинки сабаттуу, дүйнөлүк адабиятты беш колундай билген бирөөлөр келсе, ошолорго бир тарыхый болмуштар катары, ошолорго жөлөк-таяк материал болуп калсын» деген оюмда болду.

Себеп дегенде, биздин аталарыбыз Аксыда «Кокон ордосу биздики» дешчү. Аны эч качан “өзбектики, сарттыкы” деп айткан эмес. Ошондогу окуяларды мен өзүмүн аталарыман, абаларыман көп уккам. Тирүү кишилерден көп уккам, жанагы Нүзүп бийдин окуясын, Мусулманкулдун окуясын, анын ордодон качып келишин, анан кайра барышын, чабышын, «бийдай» дегендин баарын кырганын мен эч жерден окубастан, алгач өз атаман уккам. Мына ошолордун бардыгын көтөрүп-жөндөп кетиш үчүн анан аракет кылдым да. Биринчи китеп 1966-жылы чыкты. Ошондо биринчи китепти кыргыздын философу Азиз Салиев жактырып, ошол киши биринчи пикир айтты.

Андан кийин жүрүп-жүрүп отуруп, элдин түшүнүгү ошондой болушу мүмкүн, саясатчылардын түшүнүгүнүн деңгээли ошондой болушу мүмкүн, анан кийин жазуучулардын арасында «өзүмөн башка бирөөлөр болбосун» деген мындай бир ич күйдүлүк да болот экен. Ошонун негизинде бул «Сынган кылычка» катуу сын, катуу чабуул коюла баштады. Чабуулдун башында аттуу-баштуу кишилер турду. Ошондой эле «Сынган кылычты» тикесинен коргогон азамат жазуучулар да болду. Мына ошонун негизинде биз эптеп кыл көпүрөдөн да өтүп кеттик.

Ошондо үч кишиге асылып бир чабуул жасалды. Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк асабасына», Шаршенбек Үмөталиевдин «Өзөктөгү өрт» деген чакан повестине, андан кийин менин «Сынган кылычыма». Ага каршы Москвадан атайын макала чыгарылган. «Против антиисторизма» («Тарыхты бурмалоого каршы») деп атайын макала чыккан.

Ошого да «кыргыздын мамлекеттүүлүгү бар деп атат булар» деген сөздөрдү киргизишип, анан мээлегенге - жанагы кароолго үчөөбүз бир алынып калган экенбиз, Жазуучулар союзунун президиумунда чоң чогулуш болуп, сынчылар, адабиятчылар, жазуучулар жыйналып талкуудан өттүк.

Ошерде да өзүңдү-өзүң коргойсуң. Жазгандан кийин ошончолук даярдыгың болот да. Анан мен ошондо өзүмдү-өзүм коргоп кеттим окшойт, кандайдыр бир деңгээлде меникине уруксат беришти да, Түгөлбай Сыдыкбеков аксакалдыкын, Шаршенбектикин кармап калышты. Ошондон кийин дагы Москвадан «Вопросы литературы» журналына макала чыгартышты. “«Сынган кылыч» эч нерсеге жарабаган, болбогон эле окуя” деген.

Анан «Сынган кылычка» карата чыккан, өзүмө карата чыккан сын макалалардын баарын топтотуп, китеп кылып чыгартып койдум. Мына, окуучулар көрсүн, сынчылар көрсүн, эл-журт көрсүн деп. «Рухту көтөргөн улуу сөз» деген сын китеп чыкты.

Анан эми, «Сынган кылычта» болсо Кокон ордосу, Алтынбешиктин балдары айтылат. Аксак Темирдин тукумунан Бабырдын тукумунан Алтынбешик деген бала калып, ошондон анан Кокон кандыгы куралган. Азыркы күндө айтылып атат. Мына, Пакистанга, музейге баргандар айтып келишти, Бабырды кыргыз деп жазышат экен. Ошондо деле мен Аксак Темирди да, Бабырды да, алардын тукумдарын да кыргыз деп эле жазгам.

Романдагы образдар, алсак, Нүзүп бий - тарыхый инсан, Мусулманкул миңбашы, Кудаярхан, Мала хан. Ошол ордонун ичин-тышын көрсөттүм. Мында мага окуганыман да укканым, өзүмүн бала кезимде аталарыман, абаларыман укканым чоң көмөк болду.

1962-жылы «Сынган кылычты» жыйнайм деп Авлетим деген кыштакка бардым, Нүзүп бийдин айылына. Ошондо Мусулманкул деген аксакал, сексенден ашып кеткен, “сексен төрттөмүн” дедиби, ошол чал бүтүн башынан аягына өзү авлетимдик болгон соң өзү молдо киши экен, тарыхты абдан жакшы билген. А кишинин айтып бергени кулагыма сиңген. Бир ай ошоякта жүрүп кайра келгенден кийин биринчи материал катары ошону бүтүн жатка жазып алгам. Мына ошондогу кишилердин элеси, атүгүл жанагы кылычка башын тосуп берген Нүзүптүн кантип өлгөнүнөн бери айтып берген, Мусулманкул деген чал.

Аны кийин балдары «биздин атабызды каракчылар эле талап өлтүрүп койгон экен» дегени ордонун Нүзүп бийди жанагындай жазалап, өлтүрүп туруп, өздөрү түзүп койгон документинен улам чыккан. Ал эми биздики биринчиден, тарых, экинчиден, көркөм чыгарма да. Көркөм чыгарманы ар кандай окуучу окуйт, сабаттуу окуйт, сабаты төмөнү окуйт, бирөөнө бир жери жагат, бирөөнө бир жери жакпайт. Адам өзүнүн түшүнүгүнө жараша кабыл алат да көркөм адабиятты.

Ошентип «Сынган кылычка» эки жолу чабуул болуп, экинчисинде Москвадан Зоя Сергеевна Кедрина деген окумуштуу, илим доктору, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти – ошолор келип ушерде романды талкуулашты. Ал талкууга мени ушерде жүргөнүмү көрүп-билип туруп чакырбай коюшту. Ошол жыйында бирөө айтыптыр: «Мен «Сынган кылыч» деген романды окуган жокмун, муну чыгарбай эле коюш керек» деп. «Окубасаңыз, “чыгарбаш керек» дегениңиз кандай, эл акыны, эл жазуучусу деген наамдарыңыз турса, анан окубай эле «чыгарыш керек эмес» деп айтканыңыз кандай?» деп аны аябай уяткарышыптыр.

Андан кийинкиси. «Сынган кылыч» 1971-жылы толугу менен чыкты. 1966-жылы биринчи китеби, анан экөө биригип 1971-жылы жанагинтип жеңиш менен чыгып кетти. Андан кийин жаңы теманы – дагы тарых темасын издейбиз да.


- Андан кийин «Келкел» романына кириштиңиз да?

- Совет бийлигинин келиши жөнүндө. Совет бийлигинин келиши - ал убакта талап ошондой, биздин түшүнүгүбүз ошондой, мындайча айтканда, майрам катары кабыл алган экенбиз Совет бийлигин. Майрам катары кабыл алыштын да бир себеби бар, ыктуу жери бар. Себеп дегенде, азыр “түндүк” деп атап коюшту, мурда “аркалык кыргыз, анжияндык кыргыз” дешчү.

Бул жактык кыргыздардын башынан өткөн окуяны ошол түштүктөгү кыргыздар да кайгы-муң, ый менен кабыл алган. Буякта кызыл кыргын болгон. Ошондой кыргындан калган эл Совет бийлигин майрам катары кабыл алышка акысы болгон. Аны моралдык жагынан да ошондой деп кабыл алышка болот эле. Себеби, кечээ күнү кыргын салган орус генералдары өзүнөн-өзү жок болсо, Совет бийлиги келгенден кийин... Жанагындай кыргыз менен орусту кас эмес, коңшу отурган дос кылса. Экөөн бирдей окутса, экөөнө бирдей тарбия-таалим берсе. Ошондон кийин ал системаны, ал заманды майрам катары кабылдабаска биздин чарабыз болгон эмес.

Жакшы. Ошентип «Келкел», эки том менен чыкты. Жакшы кабыл алышты, нускасы 80 000 болду. Кийинки мынабу биз эркиндик деп отурган мезгилде - өзүбүздү өзүбүз билип, өтүгүбүздү төрүбүзгө илип дегендей деңгээлге жеткен мезгилде - тарыхты кайрадан бир сыйра караш керек. Мурдагы идеологиялык, тарыхый шарттарга ылайыкталып кетсе, аны кайрадан карап чыгышка туура келди. Ошолорду эске алып, «Келкелди» мен кайра басмага даярдап койдум.

Ал убакта большевиктердин арасында бизге белгисиз күрөш жүргөн экен. Бизге белгисиз талаш-тартыштар, эки-үч жааттар болгон. Мурдагы колониянын ордуна республикага бөлүнүп-бөлүнүп, тили, улутунун атынан бери майда-майда болуп бөлүнгөн мезгилде да саясат башкараак болгон экен.

Мен бир эле жерин айтайын, «маданий революцияны». Аны бирөө башкарган, партияны башка бирөө башкарган. Жалпы жетекчиси Ленин болгонуна карабастан, ошол замандын дагы, ар бир жетекчинин, ар бир акылмандын өзүнүн тегине, акылына, мүнөзүнө, талабына жараша революциянын иши да ар кандай оош-кыйыштар менен жүргөн. Мына, кыргызды таптаза кырып салуу падыша заманында болгон. Кийин жанагындай жакшы жагы менен бирге совет өкмөтүнүн ичинде – бизди эл кылып чогултуп, тетиги Кашкардан бери акчага сатып алып келип, анан республика берген өкмөт болду го – 1930-жылдарга чейин «маданий революция» жүрүптүр.

«Маданий революция» “бай-манап, кулак” деп туруп дагы кыргыздын өлгөнүнөн калганын терип-терип туруп алып Украинага чейин айдап жиберген. Бул дагы биздин улутка чоң кыйраткыч окуя болгон.

Ие, андан кийинкиси. Бизди динибизден адаштыра турган, үй-бүлөбүздү буза турган нерселер кирген, «маданий революция» менен. Мисалы, динге карама-каршы туруу, атеизм. Атамекендик согуштун алдында гана Сталин атеизмди кичине бастатып, анан “арбак колдосун, тарыхтагы баатырлардын эрдиги колдосун” дегендей кичине жеңилдик берген. Атеизм кыргыз элине өтө жаман таасир кылган. Ошол атеизм үчүн күрөшүүнүн мезгилинде ата-бабаларыбыздын мүрзөлөрүнүн, күмбөздөрүнүн баары бузулган. Мечиттеринин баары бузулган. Мына ушул дагы биздин руханий турмушубузга, түшүнүгүбүзгө өтө жаман таасир берген.

Кыргыз кыз ала качууну өтө жаман көргөн. Кыз ала качып, кыргыз салтын бузуу өлүм жазасына тартылган, илгери. Эгер кыз «мени зордуктады» десе, айыпкерге өлүм жазасы болгон, кыргызда. Мына ушул кыз ала качмай, кааламай «маданий революция» менен кирген. «Кааламай» деген термин кирген.

Андан кийин бирөөнүн үйүндө отурган жакшынакай сулуу келинин же болбосо сулуу аялын тиги комсомолго өткөрүп, комсомолдун чогулушуна чакырып, анан ошондон ары ал бузулуп калган. Үй-бүлө бузулган, бала жетим калган. Мына ошентип, биздеги «маданий революция» кыргыз элинин, мусулман элинин руханий дүйнөсүнө кол салган. Мына «Келкелде» ушулардын бардыгын документтердин негизинде оңдоп, даярдап, анан жаздым.


- Төлөгөн аба, үчилтикке кирген «Баскын» жана «Чапкын» романдары тууралуу да айта кетсеңиз.

- «Баскын» менен «Чапкын» «Сынган кылычтан», «Келкелден» кийин жазылбадыбы. Бирок менин китептерим –«Сынган кылыч» эки китеп, андан кийин мынабу «Баскын», «Чапкын» - эки китеп, «Келкел» да эки китеп. Муну мен хронолиялык жагынан ирээттеп, сыдыргыга салып койдум.

Менин китебим, алты китеп деп коелучу. Ушул тема Кокон кандыгынын биринчи уюшулушунан баштап мына бүгүнкү Совет бийлигинин келишине чейинки, эркиндикке жеткенге чейинки окуялары, каармандары хронологиялык тартип менен биринен экинчисине өтүп жүрүп отурат. Азыр ойлонуп көрсөм, мен бир эле китеп жазыпмын. Тарыхый бир эле китепти жазыпмын, заманды жазыпмын мен. Келип-келип отуруп «Келкелден» кийин «Баскын» менен «Чапкынды» жаздым. «Баскын» болсо дагыле Токтогулдун айдалып кетиши менен бүтөт дагы, анан жүрүп-жүрүп отуруп Токтогул мынабу Совет бийлигин даңктаган мезгилге жетет.

«Баскында» артка кайрылуу менен, 1853-жылы Жантай бийдин баласы орустун бир окумуштуусун Ысыккөлгө ээрчитип баргандан башталат дагы, жүрүп-жүрүп отуруп ушу «Чапкынга» келет. Эми «Чапкын» деген романды жазып койдум. Мына бетин ачып көрсөтөйүн. Мында, «Баскын» деген өзүнчө деңгээл, өзүнчө тарых, анын өзүнүн каармандары бар, ар бир каарманынын тарыхы бар. Ал эми «Чапкында» ошондой. Мына, бирөө айткан: «орустун атынын туягы түшкөн жер – ошол Орусия» деп. А кийинчерээк буякка крепостной укук жоюлгандан кийин крестьяндар батпай кетип, же болбосо тигил-бул болуп, жаңжал чыга турган болгондо орустун жерсиз дыйкандарын көчүргөн. Ошондо айтышкан: «орус келип кош айдаган жер - Орусия» деп.

Бул жакка көчүп келген дыйкандарды отурукташтырыштын максаты мындай. Биринчиден, чоң империя Кытай менен чегараны бекемдеш үчүн бул жерге «таза орус отурук калкы» керек болгон. «Таза орус отурук калкы» дегенди атайын айтып атам, себеп дегенде, бул документтерде бар. «Таза орус отурук калкы кылабыз» деген аракет болгон. Аракетти ишке ашырган.

Мынабул жерде кырылып калган элдин калганын тээтиги Текестен, анабу Жаркенттен, ылдый карата Ысыккөлдөн, Кочкор, Жумгалдан, Чүй боорунан көчүрүп отуруп Нарындын капчыгайына такап, төрт жагынан кароол аскер коюп, ошерге жайгаштырмак болгон. Ошол жерде эч ким менен каттоо жок болмок. Мунун атын «резервация» дейт. Резервация кыла турган болгон. Түштүктү тээ Самаркан кыргыздарынан бери чогултуп, Кетментөбө чуңкуруна алып келип, мына ушул жерге коймок болгон. Мына ушул тарыхый болмуштар жазылат.

Мен «Сынган кылычты» кандайдыр-бир романтикалуу ыңгайда жазган болсом, мында документтер көбүрөөк, анан анализ. Документтер орусча бойдон цитата катары киргизилген жерлер бар. “Анан эми мен муну кыргыз элиме берип аткандан кийин” деп, жанагы документтердин баарын кыргызчага которуп койдум. Анан ушул документтер кайдан алынганын орусчасында көчүрмөсүн сактап коеюн деп атам. Кайсы архивден алынган, кандай болгон? Мында дагы Шабдандын тагдыры, анын өлгөнүнө чейин, балдарынын тагдыры бар. Көтөрүлүштүн чыгышы. Көтөрүлүштү жөн эле провокация кылып чыгаргандыгы тууралуу документтер бар.

Үчалматы деп коет кыргыздар. Кийин Алмата Алматы болуп кетти го. Мына ошол жерден 175 мылтыкты эки арабага жүктөтүп, жанында сакчысы жок эки кишини жөнөтүп койгон. Ошону кыргыздар колго түшүрүп алса эле көтөрүлүш деп эсептеген дагы, ошо мылтыктар колго түшкөндөн кийин эле чабуул койгон. Мына ушундай документтердин негизинде, терең иликтенип жазылды.

Эми мунун жазылышы. «Сынган кылыч» кыргыз интеллигенциясы тарыхка муктаж болуп, тарыхка акыл-эси жетип турган чакта жазылды. Анан саясий нерселер да кичине жумшарып турган мезгил эле да, «Сынган кылыч» жазылган учур. А мында биз эркиндикти алгандан кийинки түшүнүк, эркиндик алгандан кийинки кайрат менен жазылып атат.

1992-жылы мен мамлекеттик делегацияга кошулуп Аскар Акаевдин жетекчилиги менен Кытайга барганбыз. Биз барганда Яншанкун Кытай Эл Республикасынын төрагасы болчу. Мурда Мао Цзе Дундун жардамчысы болуп жүргөн киши экен. Бизди тосуп алып, анан сүйлөшүү жүрүп жатканда Аскар Акаевич айтып калды, «Тан династиясынан бери 1000 – 1500 жыл болуш керек, биздин Кытай менен байланышыбызга» деген сөздү. Андан ашыкты айтыш мүмкүн эмес, бизде башка маалымат да жок болчу. Бизде Кытай, Азия менен байланышкан маалыматтын баарын орус окумуштууларынын - башкача айтканда, илгери падышалык заманда тыңчы болуп келгендер бизге келип окумуштуу болуп калбадыбы - ошолордун элегинен өткөн гана нерсени айтчубуз. Аскар Акаевич жанагы сөздү айтканда Яншанкун сүйлөп калды эле, тилмечи ошол замат которду: «Төрага Яншанкун кыргыз-кытай мамилесине мына быйыл 2210 жыл толот деп атат».

Биз азыр кыргыз мамлекеттигинин түптөлгөнү деп атпайбызбы. Бул Кытай мамлекети менен мамилебиз – а Кытай мамлекети андан мурдакы Чинден башталат, Чин – цин деп атпайбызбы, Чынмачын деп «Манаста» айтылат. Эки династия мурдакы Чин, Ханзу, Хан династиясы. Мына биздики, биздин элдин мамлекетчилиги ошол Кытай менен эле барабарбы деп түшүнүп калдым мен.

Абдан эски эл. Бирок баягы колония болуп калгандан кийин тагдырга байланыштуу же болбосо тарыхый шартка байланыштуу кысылып калгандан кийин, жанагындай улук держава, улук шовинизм, улук журтчул пикирлердин бардыгы кайсыл системада болбосун бийиктеп кетип эле, анан бизди басмырлап жүрүп отурушкан. Кол алдындагы кишини көтөргөндүн ордуна басмырлаган аларга оң турбайбы. Бизди басмырлап отуруп эң акырында кыргыз деген сөздү «кыр-кырда жүргөн» дегенге алып барып такады го. Атүгүл бизде «кыргыз кыр-кырда жүргөн, боз үй менен ак калпакты музейге өткөрүп бериш керек» дегендер чыкты.

Боз үй менен ак калпак дүйнөнүн архитектурасынын эң башында турат. Боз үйдүн архитектурасын ким ойлоп табат? Мында кийиз, жыгач, кайыштан башка эч нерсе жок. Бир төөгө артып алып жайлоого чыгып, кайта жакага түшүп тигип отуруп алса андан ыңгайлуу үй жок. Ичинде отурсаң белиңи шамал урбаса, түтүнүң өйдө чыгып, ичи жылуу болсо. Көчмөн эл үчүн мындан өткөн мыкты архитектура жок да. Ушундай нерсебизди калыс катары анализдегендин ордуна басмырлаган. Биздин жерибиздин атына чейин өзгөрткөн. Биздин туугандарыбыз казак менен кыргыздын, кыргыз менен өзбектин тилине чейин бөлгөн. Атүгүл Түркстан деген атыбызды да жок кылган. Анан бирөөнө өзбек, бирөөнө кыргыз, бирөөнө казак, бирөөнө каракалпак деген ат берди. Майда-майда кылып тилиңи, грамматикаңы да бөлүп таштады. Кийинки «Чапкында» мына ушул тукум курут боло турган мезгил сүрөттөлөт.

Анан, кыргыздын пайгамбардай болгон кишилери «мен атеистмин, мен космополитмин» деп атап алган өзүлөрүн. «Өй, мен кыргызмын, кыргыз үчүн күйүп атам» деп бир да бирөөсү айтпайт. Себеп дегенде, башка бир дүйнөлүк уюмдар менен, дүйнөлүк бир жагдайдан, дүйнөлүк бир пикирлерден ажырагысы келбейт экен.


- Төлөгөн аба, кийинки кездерде тарыхый темага кызыгуу күч алды. Китептер жазылып атат. Кийинки чыгып аткан тарыхый китептер менен тааныштыгыңыз барбы, алар тууралуу пикириңиз кандай?

- Мындай да, бу тарых темасына да адам өмүрүн арнаш керек. Тарых деген чындыкты талап кылат. Болмуштун – накта болмуштун - кайгысын, философиясын айтууга туура келет. Буга өмүрдү арнаш керек, буга биротоло берилиш керек. Анан «эптеп эле жазып койдум эле» деп айтышка болбойт. Мына мен бу китепти чыгарып калсам, аны кыргыздарга берем. Кыргыз окуп көрсүн. Жана «Сынган кылычта» башында эле жазгамын: «Көп көрүнсө көппөсмүн». Көп десе, жакшы десе көппөйм мен. Өз милдетими аткардым. Колуман келгени ушул. Жаманбы-жакшыбы – колуңарга кармап окуп койгула эми. Ата-бабаңардын психологиясы, ата-бабаңардын турмушу деп эле ойлойм.

Мен сыйлык алайын, даңк алайын деп ойлобойм. Берсе ырахмат айтабыз, бербесе ага капа болбойм. Мен кыргызга өзүнүн тарыхын жазып бердим. Отуруп алып ушуну жаза баштаганда: «Э, Төлөгөн аке, ушу кыргыз да элби, ушу кыргызга тарых жазып берем деп өзүңүз айбан болуп баратасыз» деген кишилер да болгон. Мына ушундай кишилерге: «Кой, андай дебе, кыргыз - улуу журт, биз сабатсыз болсок, караңгы болсок, айнегин ачып жарык кылып коёлу жок дегенде, өзүнүн тарыхын көрсүн” деген максатта жаздым. Мына, Кудая шүгүр, окуп аткандар болуп атыры. Бет алдыма келгенде кыргыздын балдары кыя өтпөй, колуман кармап, «аман-эсен жүрөсүзбү?!» деп атыры. Мына ошонун өзү мага сыйлык да, кандай дейсиң!


- Маек куруп бергениңизге ырахмат!
XS
SM
MD
LG